Физика жана электроника факультетинде Маамет Койчуманов менен Чолпон Майлыбашеваны эскерүү кечеси болуп өттү
2023-жылдын 12-апрелинде физика жана электроника факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КУУнун ардактуу профессору, быйыл 90 жылдыгы белгиленип жаткан Маамет Койчумановду жана КУУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Майлыбашева Чолпонду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, УИАнын корр.-мүчөсү, п.и.д., профессор Эсенбек Мамбетакунов жана башка коноктор катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов уюштуруучуларга, келген меймандарга жана Маамет агайдын үй-бүлөсү менен жек-жаатына чоң ыраазычылык билдирип, залкар эже-агайларды унутуп калбай, убак-убагы менен, шарты менен эскерип, алардын эмгегине баа берип коюш абдан жакшы нерсе экендигин белгиледи.
Андан ары ал "Менин оюмча, физика жана электроника факультетинде чоң өзгөрүүлөр болот. Улуттук илимдер академиясынын институтуттары менен интеграция болуу маселеси коюлганын билесиздер. Анын алкагында УИАнын президенти, институттардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Баары макулдугун билдирип атат. Мен ойлойм, бул интеграция физика жана электроника факультетине, математика жана информатика факультетине, химия жана химиялык технология факультетине абдан чоң өзгөрүүлөрдү алып келет. Бул алакалаштык эки жакка тең пайдалуу болот деп ойлойм. Ушуну эсиңерге алып, даярдана беришиңер керек. Жакында келишимге кол коёбуз. Анда көп нерселерди караштырабыз, көп нерселер чечилет", - деп сөзүн улантты.
90 жылдыгы белгиленип аткан Маамет агай тууралуу "Мен студент кезде агайдын сыртынан карап, тамшанып, ушул агайдай болуп мугалим болуп, университеттин короолорунда ары-бери басып, окуу имараттарына кирип, ушул университетке тиешелүү болуп калсам деп тамшанып калчумун. Маамет агай, чынын айтканда, Улуттук университетти "улуттук" кылган, ушул деңгээлге жеткирген залкарлардын плеядасынан. Ал биздин университетке ат көтөргүс кызмат кылды. Жаңы багыттарды көздөгөн, жаңы бийиктиктерди беттеген адам болчу. Көп жакшы нерселерди жасап кетти. Чоң ыраазычылык билдирем агайга", - деди ректор.
- Маамет агайдын жаркын элесин Улуттук университеттин жамаатынын, өзгөчө студент, магистранттардын, алдында мындан дагы зоболотуп, мындан дагы бийиктете турган бир маселе жакында болчу Окумуштуулар кеңешинде каралат. Буйруса ишке ашат деп ойлойм, - деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов.
Маамет Койчуманов менен Майлыбашева Чолпон тууралуу эскерүүлөрү менен математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов; физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов; Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева; профессор Абдылдаев М.Ю.; И.Раззаков атындагы КМТУнун физика кафедрасынын башчысы Султаналиева P.M.; профессор Орозбеков М.О.; И.Раззаков атындагы КМТУнун проректору Төрөбеков Б.Т.; профессор Каратаев М.М.; коомдук ишмерлер Маликова Ж. жана Бекбоев З.И., о.э. И.Раззаков атындагы КМТУнун кафедра башчысы Жапаров М.Т. бөлүшкөн соң, эскерилип жаткан инсандар тууралуу видео көрсөтүлдү.
Андан кийин, физика жана электроника факультетинин алдыңкы студенттерине жылына бир жолу берилүүчү Маамет Койчуманов атындагы стипендия тапшырылды.
Кеченин соңунда "Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн" демекчи, Маамет Койчуманов менен 40 жылдан ашуун бир кафедрада чогуу эмгектенген агайдын үзөнгүлөшү Эсенбек Мамбетакуновго Маамет Койчумановичтин балдары тебетей кийгизип, чепкен жабышты.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...