Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда ааламдашуу жана технологиялык чакырыктар алкагында жождордо билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды

00

2023-жылдын 11-апрелинде башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Ааламдашуу жана технологиялык чакырыктар алкагындагы жождордун билим берүү көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол болуп өттү. Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чараны аталган кафедранын башчысы Нурбүбү Асипова ачып, тегерек столдун максаты жана күн тартиби тууралуу билдирүү жасаган соң, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ректор иш-чаранын уюштуруучу тобуна, анын чакыруусун кабыл алып, убакыт таап, ой-сунуштарын айтуу үчүн келген күн тартибиндеги маселенин күңгөй-тескейинин баарын билген адис эже-агайларга ыраазычылык билдирди жана тегерек столдун темасы абдан маанилүү экендигин белгиледи. 

Андан ары ал Президенттини жарлыгы менен өзгөчө макам берилген Кыргызстандагы 5 университеттин жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берип, "эгер биз сунуштаган өзгөрүүлөр, документтер кабыл алынып калса, беш университетке чын эле жол ачылат", - деди. - Айтор, көп иштер аткарылды, бирок алдыда дагы көп иштер турат.

Иш-чара өткөрүп жаткан түзүм тууралуу токтолуп, Төлөбек Абдырахманов "Социалдык-гуманитардык илимдер факультети 1-апрелден баштап институт макамын алды. Макам берүү менен бирге биз булардын алдына чоң милдеттерди коюп, тапшырмаларды берип, "ордуңарды тапкыла" деп айтып атабыз. Институт социология, политология, философия багыттары боюнча аракет кылып жатат. Ошонун ичинде жогорку мектептин педагогикасы да бар", - деди.

- Мен ойлойм, бүгүнкү тегерек столго педагогика илимине кайдыгер эмес инсандар, окумуштуулар келип отурат. Жакшы сунушуңарды айтасыңар деген ойдомун. Бир эле киши отуруп алып акылдуу боло бербей, кызыкдар адамдар чогуу отуруп алып сүйлөшкөнү жакшы. Ишиңерге ийгилик каалайм, - деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов.

Ректордун сөзүнөн кийин иш-чаранын пленардык отуруму башталып, төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Асипова Н.А. - п.и.д., профессор: "Көп баскычтуу жогорку билим, анын абалы жана келечеги";
  • Мамбетакунов Э.М. - п.и.д., УИАнын корр.-мүчөсү, профессор: "Учурдагы жогорку педагогикалык билим берүү маселелери";
  • Сатыбекова М. А. - п.и.к., доцент: "Жогорку билим берүүнүн профилдешүү маселелери";
  • Карабалаева Г.Т. - п.и.д., доцент: "Дуалдуу педагогикалык билим маселелери: перспективасы жана ишке ашыруу жолдору";
  • Раимкулова А.С. - п.и.д., профессор: "Технологиялык чакырыктар жана алардын билим берүү сапатына таасири".

Суроолор жана жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө жогорку мектептин педагогикасы, жогорку окуу жайларында көп баскычтуу билимди ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланган соң, тегерек столдун баяндамачылары менен катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

press knu 2023

Материал уюштуруу тобу тараткан программанын негизинде даярдалды.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 318 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары