Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Ректор программалык талдоо жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту (толукталды)

00

2023-жылдын 10-апрель күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо жана алардын «Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууга  мүмкүнчүлүктөрү менен аткаруу багыттарын аныктоо максатында программалык талдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, аталган комиссиянын максаты жана иштөө багыттары тууралуу айтып берди.

- 20 күндүн ичинде бул ишке жакшы маани берип, жакшы көңүл буруп, ак ниеттүүлүк менен жакшы иштеп берсеңер, университет үчүн. Бул - текшерүү эмес, бул - мониторинг, - деп баштады ректор өз сөзүн. - Эң негизги максат – "Кайсы факультетте, кайсы кафедрада, кайсы лабораторияда эмне бар, эмне жок? Наукометрический данныйлар каякта төмөн, каякта жогору? Академиялык мобилдүүлүк менен илимий коллаборация кандай?" деген суроолорго сөз түрүндө эмес, документ түрүндө жооп алуу. Баарын шашпай, кылдат карап берсеңер. Үстүрт болбогула. Жок жерди бар деп жазып келсеңер, силерден кийин мен маселе көтөрөм. Бул иш-чара бүткөндөн кийин - майдын аягы, отпускага кеткенге чейин - жыйынтыгын чыгарабыз: кайсы жерде факультет болуш керек, кайсы жерде кафедра болуш керек, кайсы жерде лаборатория болуш керек же болбош керек. Силердин отчет ошого жумушчу материал болуп берет. Мунун жыйынтыгы менен, мүмкүн, мурда түзүлгөн факультет, институттарга толуктоолор болот же тескерисинче. Ошондуктан, бул ишти өзгөчө реалдуу, калыс жана кызыкдар болуп карап чыгыш керек. Максат – университеттин ишин жакшыртыш!

Андан ары Төлөбек Абдырахманов аталган комиссиянын курамына поректорлор да кошулганын белгилеп, аны негиздеп берди. Ректордун айтымында, проректорлор өздөрү тейлеген багыт боюнча маалымат топтоп, тигил же бул факультетке, институтка ректораттан кандай жардам керек экендигин аныктап, сунуштарын жазып беришет. - Ошого жараша биз иш алып барабыз. Факультеттердин, институттардын ийгилиги - жалпы университеттин ийгилиги. Ишиңерге ийгилик каалайм, - деп сөзүн жыйынтыктады ректор.

Ректордун жолугушуусунан кийин комиссия мүчөлөрү тарых жана чөлкөм таануу институту менен компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда болушту.

02

04

06

08

10

* * * * *

20

21

22

23

24

* * * * *

30

31

32

33

34

press knu 2023 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 316 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары