Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 04.04.2023 отуруму

00

2023-жылдын 4-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "КУУнун эл аралык мамилелеринин абалы жана келечеги", "2022-2023-окуу жылына карата кышкы кабыл алууда тапшырган абитуриенттер боюнча маалымат", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. 

Жыйындын башында э.и.д., финансы кафедрасынын профессорунун м.а., Кыргызстан коммерциялык банкынын "Семетей" филиалынын директору Омурова Салтанат Кайыровна менен Белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республиксынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын доцентинин м.а. Байсырахманов Илияс Дуйшекеевичке “доцент” наамын ыйгарууга жашыруун добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясы шайланып, аталган комиссия ишин баштады.

Андан кийин кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова Франциянын Пуатье университетинин профессору Филипп Рожонго, мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан белгилүү фольклорчу-этногрaф, этнолог, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамле­кеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Сократ атындагы эл аралык сый­лыктын лауреаты, Европa ректорлор клубунун мүчөсү Кайыпов Сулайман Турдуевичке, тарых жана чөлкөм таану факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев белгилүү тарыхчы, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Молдокасымов Кыяс Сатаровичке жана Кытай Эл Республикасынын архивдик булактарындагы кыргыз тарыхына байланышту байыркы тарыхый жазуу булактарын которууга зор салым кошкон көрүнүктүү кытай тарыхчысы Ю Тайшанга "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизишип, аталган инсандар тууралуу кыскача маалымат беришти.

Медицина факультетинин деканы Чынгыз Узакбаев 560001 - "Дарылоо иши" жогорку кесиптик билим берүү адистиги боюнча билим берүү программасын программалык аккредитациялоого жана өзүн-өзү баалоону жүргүзүүгө даярдоо жөнүндө билдирүү жасады.

Мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан "Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктары жөнүндө жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат берип, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Илим жана инновация бөлүмүн Илимий-метрика жана илимий-изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмү деп атоо маселеси жөнүндө билдирүү жасаган соң, ректор Төлөбек Абдырахманов кыргыз-кытай институтунун директорунун орун басары Жалгасынова Алия Абдысатаровнага "юридика илимдеринин доктору" окумуштуулук даражасынын дипломун, ал эми Кармаш уруш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу, алтын медаль ээлерин даярдаган Тоташов Бообек менен Жогорку соттун илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү, юриспруденция багытынын профессору Коомбаев Абдиш Абазовичке “КУУнун ардактуу профессору” наамынын дипломун тапшырып, мантиясын кийгизди жана жыйындын катышуучуларына КУУнун инвестициялар боюнча проректору болуп дайындалган профессор Гүлбара Сыдыкова менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору болуп дайындалган Кадыр уулу Алмазбекти тааныштырып, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Түрк Республикасынын Технологиялык команда фондунун жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө маалымат берди.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Бакыт Келдибеков чыгып сүйлөп, КУУнун эл аралык мамилелеринин абалы жана келечеги тууралуу баяндама жасады жана көптөгөн суроолорго жооп берди.

2022-2023 окуу жылына карата кышкы кабыл алууда тапшырган абитуриенттер боюнча КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору Н.А.Асипованын редакторлугу алдында кыргыз тилинде даярдалган “Педагогикалык психология” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү, айрым кафедраларды бириктирүү, докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо, илимий даражаны ыйгаруу жөнүндө, о.э. Улуттук университеттин окуу-тарбия, каржы жана чарба ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

24

26

32

34

28

36

38

40

42

46

48

50

52

54

56

58

60

61

62

63

64

65

67

68

69

70

71

72

73

74

75

76

77

78

79

81

82

83

84

80

85

86

87

press knu 2023