Жума, Апрель 18, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Төлөбек Абдырахманов эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун ээлеген студенттерди кабыл алды

002023-жылдын 31-март күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит боюнча 23-24-март күндөрү Москва шаарындагы Орусиянын элдердин достугу университетинде (РУДН) болуп өткөн Евразиялык студенттик олимпиадада жана каржылык коопсуздугу боюнча 22-24-мартта Улуттук университетте болуп өткөн II Республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген студенттерди жана алар окуган факультеттердин жетекчилерин кабыл алды. Жыйындын башында ректор факультет декандарына сөз берди. Экономика факультетинин деканы Эркин Кулова студенттер менен атайын жолугуп жаткандыгы үчүн Төлөбек Абдырахмановго ыраазычылык билдирип, жогоруда айтылган эки чоң иш-чарага катышкан факультеттин студенттери тууралуу маалымат берди.

Алардын биричиси - бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит боюнча РУДНде болуп өткөн Евразиялык студенттик олимпиада. Ага КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынан 47 команда, 300дөн ашуун студенттер катышты. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке экономика факультетинен курамына 3-курс студенти Дикамбаева Каныкей, 4-курс студенттери Каныбеков Эрлан, Алыбекова Сабина жана Талантбек кызы Алина, о.э. магистратуранын 1-курс студенти Базарбаев Баэль кирген команда катышып, жыйынтыгында жеке биринчиликте Дикамбаева Каныкей 1-орунду, ал эми командалык биринчиликте факультеттин командасы 3-орунду ээледи. Андан сырткары, олимпиаданын алкагында бухгалтерлердин эл аралык «Содружество» ассоциациясы тарабынан «Я бы в аудиторы пошел» деген сынак өткөрүлүп, факультеттин командасы тарабынан даярдалган видеоролик "Эң креативдүү ролик" номинациясында 1-орунга татыктуу болду. Команданы олимпиадага доценттер Алымбүбү Рысбаева, Аида Араева жана ага окутуучу Алишер Сапалов даярдап, Москвага чейин коштоп барып келишти.

Экинчиси - каржылык коопсуздук боюнча Улуттук университетте болуп өткөн II Республикалык олимпиада. Ага Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 17 команда катышып, экономика факультетинин 3-курс студенти Раззакова Юлдуз командалык биричиликте 1-орунду ээлесе, 1-курс студенти Тавылдыева Нуркыз аталган предмет боюнча Сочи шаарында өтө турган Эл аралык олимпиадага катышуучу Кыргызстандын курама командасына кирди.

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутова каржылык коопсуздук боюнча Улуттук университетте болуп өткөн II Республикалык олимпиаданын тематикасы факультет үчүн алысыраак экенин, бирок терроризм менен экстремизмге келип жаткан каржылык агымдарда эл аралык мамилелердин компоненттери бар экенин белгилеп, аталган таймашка факультеттен 2-курс студенти Марсельева Алина менен 3-курс студенти Кубанычбеков Эрмек катышып, жыйынтыгында Эрмек 2-орунду, ал эми Алина 3-орунду ээлегенин билдирди.

Андан кийин ректор сөз кезегин студенттерге узатты. Алар Улуттук университетте баары жакшы, бул жерде окуу аларга абдан жагаарын, окутуучулар өтө компетенттүү, жакшы мугалимдер экенин белгилей баштаганда, Төлөбек Абдырахманов студенттерге "Университетте эмне жакпайт - мүмкүн китепкана, мүмкүн интернет жана эмнелерди жакшыртыш керек?" деген суроо берип, ачык диалогго чакырды.

Ректордун сунушунан кийин студенттер окуу жылынын башынан бери көп нерселер акырындык менен оңоло баштаганын белгилеп, 8-окуу имаратында эс алуу зоналары менен ашкананын жок экендигин жана интернеттин жай иштээрин билдиришти.

Ректор аталган маселелердин келип чыгуу себептери боюнча маалымат берип, алар боюнча иштер жүрүп жатканын жана окуу жылынын аягына чейин чечилээрин белгилеп, анын ичинде бардык жатаканаларда, кызмат бөлмөлөрүндө жана дарсканаларда жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернет болоорун, "Ансыз, университет - университет эмес" экенин  билдирди. 

Жолугушуунун соңунда Төлөбек Абдырахманов мыкты окуган, ар түрдүү эл аралык сынактарда, олимпиадаларда, спорттук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген студенттерге жеңилдик берүү боюнча айтылган сунуш-пикирлер ректорат тарабынан эске алынаарын, ал эмес жакында боло турган Окумуштуулар кеңешинде каралаарын билдирди. Ректордун айтымында, бул тизмеге активдүү жарандык позициясы бар студенттерди да кошууга болот. Мисалы, Баткенде, Түркияда болгон окуяларга эч кимди күтүп отурбай, өз алдынча жардам көрсөткөн студенттер. - Бүгүнкү жолугушууда ректорго, ректоратка, декандарга, окутуучуларга айтылган сунуш-пикирлер үчүн рахмат. Мындан ары да ушундай алдыга умтулган, тырышчаак калыбыңардан жазбагыла. Сунуштар болсо, тартынбай келип тургула, - деп сөзүн жыйынтыктады КУУнун ректору.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

press knu 2023

 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 186 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары