Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Матфактын активист студенттери Маевка орто мектебинин директору Өмүрбек Алымкожоев менен жолугушту

00

2023-жылдын 28-март күнү математика жана информатика факультетинин активист студенттери Аламүдүн районундагы Маевка жалпы билим берүү орто мектебинин директору Өмүрбек Алымкожоев жана мектеп жамааты менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов Өмүрбек Алымкожоевдин көп жылдан бери КУУда үзүрлүү эмгектенип келгендиги, анын педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү өз жемишин бергендиги тууралуу айтып, бүгүнкү жолугушуу студенттер үчүн өрнөк боло тургандыгын баса белгиледи жана Өмүрбек Алымкожоевдин жетекчилик ишине ийгилик каалап, салт боюнча ак калпак кийгизип, аталган мектептин мындан ары да өркүндөшүнө өз салымын кошуп, ак кызмат кылуусуна тилектештигин билдирди.

Мектеп директору Өмүрбек Алымкожоев мектептин тарыхы, коллективи, мектеп окуучуларынын областтык жана республикалык олимпиадалардагы ийгиликтери тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Зырянова Антонида Николаевна тарых сабагынан окуучуларга билим берип келе жатканы тууралуу сөз кылды.

Жолугушуунун аягында факультет активистери Өмүрбек Алымкожоевке жылуу тосуп алып, кызыктуу пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгү үчүн ыраазылык билдирип, чың ден соолук жана чыгармачыл ийгиликтерди каалашты жана 28-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнѳлүк тарыхчылар күнү менен куттукташты.

Өрнөк алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чара мындан кийин да уланып, каалоочуларды чакырабыз.

Белгилеп кетчү нерсе, тарых илимдеринин кандидаты Өмүрбек Алымкожоев 2019-2022- жылдары КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу болуп иштеген.

04

05

06

08

Жолдубаев Бектур – факультеттин студенттик кеңешинин тѳрагасынын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 314 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары