Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту

00

2023-жылдын 27-март күнү математика жана информатика факультетинин студенттик активи Бишкек шаарындагы №7-жалпы билим берүүчү орто мектептин директору Нурбек Файзуллаев менен жолугушту. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов мектеп директору Нурбек мырзаны жакындан тааныгандыгын, КУУда анын педагогикалык жана профсоюздук ишимердүүлүгү өз жемишин берип, жолугушууга келген студенттер үчүн өрнөк боло тургандыгын баса белгилеп, анын бүгүнкү жетекчилик ишине ийгилик каалап, элибизге ак кызмат кылуусуна тилектеш экендигин билдирди.

Нурбек Файзуллаев өзү жетектеген мектептин тарыхы жана коллективи, окуучулары тууралуу мааалымат берип, мектеп окуучуларынын шаардык жана республикалык олимпиадалардагы ийгиликтери, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери тууралуу сөз кылды.

Жыйындын аягында мектеп директору жолугушууга келген КУУнун студенттерине бекем ден-соолук каалап, аларды заманбап прогрессивдүү илим-билим алууга үндөп, келечекте татыктуу педагогдордон болоруна ишенерин билдирди.

Белгилеп кетчү нерсе, Нурбек Файзуллаев 2015-2022- жылдары КУУнун педагогикалык факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу, факультеттин профбюросунун төрагасы болуп иштеген

02

04

Таалайбек уулу Жапар – «Жаңы муун» дебаттык клубунун лидери