Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 03.03.2023 отуруму

002023-жылдын 3-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-2023-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыгы", "КУУну санариптештирүүнүн абалы жана алдыдагы милдеттери", "Кыргыз-кытай факультетинин азыркы абалы жана перспективалары", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. Жыйындын башында ректор педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманованы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен куттуктап, ийгиликтерди каалады жана КУУнун инновациялык жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору болуп Дмитриенко Ирина Анатольевна дайындалганын кабарлады. 

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан Эне тилдин эл аралык күнүнө карата мамлекеттик тилде илимий-педагогикалык эмгек жазгандыгы жана окуу жайга сиңирген зор эмгеги үчүн Осмонова Наргүл Ыманалиевна Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси, ал эми Баялиев Табылды Раевич, Сатыбеков Муктарбек Эсенгелдиевич, Бекишова Бурма Камчыбековна, Курманкожоева Динара Козубековна жана Жанчарбекова Сабира Жамалбековна аталган комиссиянын Ардак грамоталары менен сыйланганын айтып, аталган сыйлыктарды КУУнун окутуучуларына тапшырды..

Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартиби добушка койду. Ал бекитилген соң, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Молотова Эльвира Максимовнанын, Осмонова Наргүл Ыманалиевнанын, Бешкемпирова Айнура Иманбековнанын, Степанов Илья Александровичтин жана Мамбетова Замира Кыдырмышовнанын докторлук диссертацияларынын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарын дайындоо боюнча билдирүү жасады.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев баяндама жасап, 2022-2023-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиясынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

"КУУну санариптештирүүнүн абалы жана алдыдагы милдеттери" деп аталган экинчи маселе боюнча инновациялык өнүгүү кызматынын башчысы Улан Мусаев баяндама жасады.

Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева чыгып сүйлөп, өзү жетектеген факультеттин азыркы абалы жана перспективалары тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. "КУУнун ректоратынын кеңеши жөнүндө жобо", "КУУнун каржы комитети жөнүндө жобо", "Ж.Баласагын атындагы КУУнун сыйлыгы жөнүндөгү жобо", "Ж.Баласагын атындагы КУУнун Аксакалдар кеңешинин курамы жана жобосу", "КУУнун жарчысы” журналына келип түшкөн макалаларды басып чыгаруу", "Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун ректору э.и.д., профессор Кубаев Борис Хамитовичке; Кармаш уруш боюнча КР курама командасынын башкы машыктыруучусу, алтын медаль ээлерин даярдаган Тоташов Бообекке; КР ИИМнин секретариаттын башчысы, КР Жогорку Сотунун илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү, юриспруденция багытынын профессору Коомбаев Абдиш Абазовичке жана экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери, финансы-экономикалык иштин отличниги, Мамлекеттик кадр кызматынын отличниги Алтыбаева Айнуру Тойчиевнага "Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору" наамын ыйгаруу", "Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин окумуштуулар кеңешинин курамынан ага окутуучу Джунушова Жыпаркул Байдалиевнаны чыгарып, Орозонова Азык Абыкасымовнаны киргизүү" жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын соңунда илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Жанчарбекова Сабира Жамалбековнага "филология илимдеринин кандидаты" окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды.

02

04

06

08

10

12

14

16

20

22

26

28

31

32

33

34

35

36

37

38

39

41

42

43

44

45

46

47

48

49

50

51

52

53

54

56

60

61

62

64

65

66

67

68

press knu 2023