Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 31.01.2023 отуруму

00

2023-жылдын 31-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында "КУУнун жатаканаларынын жакшыртуу маселелери", "Кыргыз-Европа факультетинин азыркы абалы жана перспективалары", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. Жыйындын башында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан бизнес жана башкаруу факультетинин деканы Меримкуль Керимкуловага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Офицердин жубайы” төш белгисин тапшырды.

Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов "КУУнун жатаканаларынын жакшыртуу маселелери" боюнча баяндама жасап, Улуттук университеттин студенттик жатаканаларындагы жылытуу системасынын, суу түтүктөрүнүн, канализациянын, эшик-терезелердин, электроплиталардын, эмеректердин азыркы абалы жана 2026-жылга чейин жасалуучу ондоп-түзөө иштери тууралуу маалымат берди. Сөзүнүн соңунда проректор жыл сайын бирден жаткананы капиталдык ремонттон өкөрүү максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова чыгып сүйлөп, аталган факультеттин азыркы абалы жана перспективалары тууралуу баяндама жасады.

Отурумдун андан аркы бөлүгүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮУ) Ысык-Көлдөгү юридикалык институтун "юридикалык жак" статусунан ажыратып, "КУУнун аймактык факультети" деген статус берүү; КМЮУнун Нарындагы гуманитардык билим берүү жана маалыматтык технологиялар институтун "юридикалык жак" статусунан ажыратып, "КУУнун Нарын гуманитардык билим берүү жана маалыматтык технологиялар институту" деген статус берүү; КМЮУнун Таластагы билим берүү программалары борборун "юридикалык жак" статусунан ажыратып, "КУУнун Талас билим берүү программалары борбору" деген статус берүү жөнүндө, о.э. педагогика факультетине "институт" статусун ыйгарып, ага мурдагы "КУУнун педагогикалык кадрларды даярдоо институту" деген аталышын кайрып берүү жана аталган институтка анын негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исамидинов Искендер Чоңмуруновичтин ысымын ыйгарып, анын курамына педагогикалык колледжди кошуу жөнүндө жана башкы имараттын жертөлөсүндөгү оор атлетика залына СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Иткин Семен Давыдовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө маселелерди карашты.

Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев педагогика факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан түзүлгөн “Манастаануу” окуу куралына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизди.

Отурумдун соңунда ректор Төлөбек Абдырахманов кесиптик колледждин директору Аскар Акматов жетекчилик кызматтан бошотуп, мугалимдикке өтүү жөнүндө арыз жазганын билдирип, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Аскар Акматовичке ыраазычылык билдирип, ректораттын Ыраазычылык катын тапшырды жана калпак, чепкен кийигизди. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. Аскар Акматовдун аталган кеңештин мүчөлүгүнөн бошотуу жөнүндө арызын да канааттандырышты. 

Отурумдун жүрүшүндө Улуттук университеттин окуу-тарбия, каржы жана башка ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

48

50

52

54

56

58

60

64

66

68

70

72

80

press knu 2023