Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 30.12.2022 отуруму

00

2022-жылдын 30-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-жылдагы КУУнун илимий иштеринин жыйынтыгы жөнүндө", "Биология факультетинин деканынын отчету", "География, экология жана туризм факультетинин деканынын отчету" каралды. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин жаңы окумуштуу катчысы болуп юридика илимдеринин кандидаты, доцент Керимканова Жаңыл Жусуповна шайланды.

Жыйындын башында Эл аралык Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев менен Франциянын командору, генерал-майор Джодж Котленге "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу маселеси каралды. Султан Раев тууралуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан, ал эми Джодж Котлен тууралуу эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутова маалымат берип, тиешелүү чечим кабыл алынган соң, Төлөбек Абдырахманов Султан Раевге "КУУнун ардактуу профессорунун" дипломун тапшырды жана мантиясын кийгизди. 

Жаңыдан гана КУУнун ардактуу наамына татыктуу болгон Султан Раев профессордук лекция окуп, өзү окуган Улуттук университеттин ардактуу профессору болуш ал үчүн сыймыктуу  иш экенин белгиледи жана КУУнун өсүп-өнүгүшү үчүн колунан келген жардамын аябасын билдирди. - Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар аталган сыйлыктын алтын медалын үйүндө эмес, өзү окуган Стамбул университетинин ректоратында сактайт экен, - деп сөзүн улантты Султан Раев. - Мен дагы "КУУнун ардактуу профессору" катары Улуттук университет менен Стамбул, Гази, Анкара университеттеринин ортосунда кызматташтык мамилелерин орнотууга, алардын ортосунда окутуучулар менен студенттерди алмашуу иштерин жолго коюуга, университеттин окутуучуларынын эл аралык илимий конференцияларга катышуусуна салым кошууга даярмын.

Профессордук лекциясынан кийин Султан Раев мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алаханга Ахмет Байтурсыновдун өмүрү, чыгармачылыгы, анын кыргыз педагогдору менен лингвисттерине тийгизген таасири тууралуу тарыхый булактардын жана илимий адабияттардын негизинде жазган эмгектери, о.э. Ахмет Байтурсыновдун инсандык тагдыры менен чыгармаларына арналган эл аралык жыйындарга активдүү катышкандыгы үчүн "Казакстандын жогорку окуу жайлар ассоциациясынын Ахмет Байтурсынов атындагы медалын" тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КУУнун 90 жылдыгына карата жолдоштору ИИМ системасында иштеген кээ бир эжейлерди “Офицердин жубайы” медалы менен сыйлаган. Бул сыйлыктарды аталган министрликтин өкүлү, полковник Султан Жоошбаевич Жоошбаев бизнес жана башкаруу факультетинин деканы, доцент Меримкуль Керимкуловага, педагогика факультетинин доценти Канымгүл Сураналиевага, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин доценти Бегайым Жалиевага тапшырды.

Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы кворум бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, убакытты сарамжал пайдалануу максатында "КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу" маселеси каралып, добуш берүүнү өткөрүү жана жыйынтыгын эсептөө боюнча башында Айна Дүйшекева турган комиссия түзүлдү.

Комиссия ишин баштаган соң, "Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү" жөнүндө илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев билдирүү жасады.

Чет тилдер факультетинин профессору Памира Кадырбекова германистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын алдында "Лингвистика жана маданият аралык коммуникация" илимий мектебин ачуу тууралуу билдирүү жасап, анын максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди. 

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев баяндама жасап, 2022-жылы Улуттук университетте аткарылган илимий иштер тууралуу айтып берди.

Андан кийин биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова менен география, экология жана туризм факультетинин  деканы Рыскүл Токторова өздөрү жетектеген факультеттин азыркы абалы жана перспективалары тууралуу отчет беришти.

Эсептөө комиссиясынын төрайымы Айна Дүйшекеева чыгып сүйлөп, КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө Улуттук аттестациялык комиссияга сунуш киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын угузду. УАКка университеттин төмөндөгү окутуучулары сунушталды: 

  • Исраилова Гульмира Туткучевна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
  • Абакирова Гульзат Жумабековна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
  • .Салиева Гүлжан Алтынбековна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
  • Нарозя Алла Георгиевна - фил.и.к., орус жана чет элдер адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти.

Отурумдун соңунда ректор Төлөбек Абдырахманов КУУнун мурдагы окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаева башка жумушка өтүү маселесин койгонун билдирип, соңку 5 жылдан берки аткарган иштери үчүн ага терең ыраазычылык билдирди жана жаңы окумуштуу катчы катары юридика илимдеринин кандидаты, доцент Керимканова Жаңыл Жусуповнанын талапкерлигин сунуштады. Ректордун сунушу Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

02

04

06

07

08

09

10

12

14

16

18

20

22

24

25 01

25 02

26

27

28

29

30

32

34

35

37

38

39

40

41

42

43

44

45

46

47

48

49

50

51

52

53

56

58

59

60

61

62

63

64

67

69

70

77

80

press knu 2022