Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 04.11.2022 отуруму

002022-жылдын 4-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы" жана "КУУнун китепканаларынын абалы, санариптешүүсү жана өнүгүүнүн жаңы багьтттары" каралды. Ал эми күн тартибинин "Ар түрдүү" бөлүгүндө “Орус тили борборун ачуу жана ага жетекчи дайындоо", "Кытай Элчисине "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу", "КУУнун кызматкерлерине “доцент” окумуштуулук наамын ыйгаруу" жана "Сыйлыктар жөнүндө" маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын башында ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, убакытты сарамжал пайдалануу максатында КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу маселеси каралып, добуш берүүнү өткөрүү жана жыйынтыгын эсептөө боюнча башында Болот Токтобаев турган комиссия түзүлдү.

Комиссия ишин баштаган соң, факультеттер аралык орус тили кафедрасынын башчысы Нурлан Ахметова “Орус тили борборун ачуу" боюнча баяндама жасап, аталган борбордун зарылдыгын негиздеп берди. Анын айтымында, ФАОТК өлкөнүн ЖОЖдорундагы факультеттер аралык орус тили кафедраларынын башкысы катары орус тилин Кыргызстанда жайылтуу боюнча көп иштерди аткарып келет жана бул багытта Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте чоң проектте иштеп жатат. - Ачылып жаткан борбордун негизги максаты - орус тилин үйрөтүү курсунун программасын жана окуу-методикалык комплексин иштеп чыгуу жана орус тилин чет тили катары акысыз окутууну уюштуруу.  Ошондуктан, биздин сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранам. Борбордун директору катары өзүмдүн кандидатурамы сунуштайм, - деп сөзүн жыйынтыктады Нурлан Ахметова. Ректор "Орус тили борборун" ачууда университет тараптан чыгым болбой турганын билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымга "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө кытай-кыргыз факулътетинин деканы Софья Апаева сунуш киргизип, негиздеп берди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" наамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасына, ""Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына" жана "Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына" сунушталып жаткан КУУнун кызматкерлери тууралуу билдирүү жасап, Президенттик стипендияга сунушталган студенттердин документтеринин абалы тууралуу маалымат берди

Ректор Төлөбек Абдырахманов өзгөчө статус тууралуу Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлүп жаткан жумушчу топтун курамы тууралуу маалымат берип, анын төрайымы катары эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутованы, орун басары катары мамлекеттин, укуктун  теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы Болот Токтобаевди сунуштады. Ал о.э. Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамына кандидатураларды сунуштоодо КУУга кошулган Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинен да өкүлдөр болушу керектигин эскертти.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов баяндама жасап, 2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ал о.э. кабыл алуу өнөктүгүндө орун алган кемчиликтер, алардын обьективдүү жана субьективдүү себептери, о.э. кабыл алуу комиссиясынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын айтты. Доклад көптөгөн суроолор, сунуш-пикирлер менен коштолду. Алардын бири - жыл бою, туруктуу негизде, айлык акы төлөнө турган "Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы" деген кызмат ордун ачуу. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. кабыл алуу өнөктүгү менен профориентациялык иштерди жүргүзүү маселелерин кызуу талкуулашты. Мисалы, Эдил Молдоевдин пикиринде, "кабыл алуу - бул бизнес процесс". Ошондуктан, кабыл алуу кампаниясын бизнес жүргүзгөндөй жүргүзүү керек. Ал эми, Мееримкүл Керимкулова азыркы талап боюнча "Улуттук университет - өзүнчө бизнес структура, бренд" экендигин белгилеп, анын өзүнчө имиджи болуш керектигин, абитуриенттерди кабыл алууда менеджмент менен маркетингдин элементтери менен принциптерин колдонуу зарыл экендигин айтты. Талкууга Төлөбек Абдырахманов да катышып, айтылган сунуш-пикирлер боюнча өз оюн билдирип, бул маселени тереңирээк караш керек экендигин белгиледи.

"КУУнун китепканаларынын абалы, санариптешүүсү жана өнүгүүнүн жаңы багьтттары" тууралуу илимий китепкананын директору Мая Джаилканова жасаган билдирүү да Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн кызыгуусун туудуруп, көптөгөн суроолор менен коштолду. Ректор китепканадагы окуу куралдарынын электрондук версиясын түзүү өтө маанилүү экендигин белгилеп, бул ишти активдештирүү тапшырмасын берди. - Биз кээ бир оңдоп-түзөө иштерин токтото турушубуз мүмкүн, бирок окуу китептери, илимий журналдар жана компьютерлер биринчи орунда болуш керек!, - деп жыйынтыктады ал талкууну.

Отурумдун соңунда жыйындын башында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы Болот Токтобаев чыгып сүйлөп, КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө Улуттук аттестациялык комиссияга сунуш киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын угузду. УАКка университеттин төмөндөгү окутуучулары сунушталды: 

  • Касымова Назира Омуркуловна - социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти
  • Самудинова Динара Искендеровна - экономика факультетинин финансы кафедрасынын доценти
  • Сариева Шайкул Каптагаевна - экономика факулътетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын доценти
  • Сыдыкова Зулайка Дүйшекеевна - юридика факультетинин жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын доценты
  • Конгайтиева Сууракан Амановна - педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиясы кафедрасынын доценти
  • Осмонова Сайрагул Сабыралиевна - химия жана химиялык технология факультетинин органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын доценти
  • Чодолдоева Гүлзат Жусуповна - тарых жана чөлкөм таануу факулыпетинин Азия жана Африка мамлекеттеринин тарыхы кафедрасынын доцентинин м. а.
  • Асипбаева Майрамкул Бейшенакуновна - тарых жана чөлкөм таануу факулыпетинин Азия жана Африка мамлекеттеринин тарыхы кафедрасынын башчысынын м.а.
  • Каулбекова Ракия Абдрасуловна - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын доцентинин м. а.

 02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

70

72

74

76

78

80

82

press knu 2022