Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 14.10.2022 отуруму

00

2022-жылдын 14-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында "2021/2022-окуу жылындагы жайкы сессиянын жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынтыктары", "2022-2023-жылдарга атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитүү", "Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылына иш мерчемин бекитүү" жана башка маселелер каралды. Жыйындын башында Ички иштер министрлигинин өкүлү КУУнун айрым кызматкерлерине аталган министрлик менен анын генерал-майор Э.Алиев атындагы академиясынын сыйлыктарын тапшырды.

Андан кийин, ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректордун м.а. Бекжан Темиров чыгып сүйлөп, 2021/2022-окуу жылындагы жайкы сессиянын жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынтыктары тууралуу баяндап берди.

2022-2023-жылдарга атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасы тууралуу билдирүүнү пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Мысакулова жасады.

Окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылына иш мерчеми тууралуу билдирүү жасады.

Күн тартибинин "Ар түрдүү маселелер" бөлүгүндө төмөндөгү маселелер каралды:

1. "Билим берүү программаларын өзүн-өзү баалоого даярдоо", "Убакыт нормаларын кайра бекитүү" жана "Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алуу". Аталган маселелер тууралуу окуу иштери боюнча проректордун м.а. Бекжан Темиров баяндап берди.

2. "Ректордун жардамчысы" менен "Окумуштуу катчынын жардамчысы" штаттык бирдиктерин калыбына келтирүүнүн зарылдыгы жөнүндө ректор билдирүү жасады.

3. "КУУнун кызматкерлерин сыйлыктарга көрсөтүү" жана "КУУнун айрым жоболорун кайра бекитүү" тууралуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректордун м.а. Садык Алахан айтып берди.

Жыйындын соңунда Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө административдик жана чарба иштери боюнча жаңы проректор Айтахунов Бакытбек Курманбековичти тааныштырды.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

06 01

06 02

06 03

06 04

06 05

06 06

06 07

06 08

06 09

06 10

06 11

06 12

06 13

06 14

06 15

06 16

06 18

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

40

42

44

46

48

50

52

56

58

60

62

64

66

68

70

72

press knu 2022