Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты

2022-жылдын 15-октябрында шаарыбыздын тазалыгына салым кошуу, күз мезгилинин сулуулугуна дагы да көрк кошуу максатында математика жана информатика факультетинин студенттери факультетке тийиштүү аймакты жыйнап, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Факультеттин "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрүнүн айтымында, "мындай иш-чаралар, тазалоо жумуштары атайын чыгарылган буйруктун гана негизинде уюштурулбастан, "Тамчыдан көл куралат" деген ураанга ылайык, шаардын ар бир жараны өзү жашаган, иштеген аймакты таза кармоо менен, шаарыбыздын тазалыгын эле камсыздабай, жан дүйнөбүздү да тазалап, сулуулукту көрө билүүгө жасалган аракеттердин бири, ошол себептен, биз, мындай иштерди байма-бай уюштуруп келебиз, - дешип, И.Раззаковдун: "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" - деген учкул сөзүндөй, шаарыбызды, коомубузду таза кармоо - ар бирибизден көз каранды, ал үчүн баарыбыз активдүү катышалы деген чакырык менен жыйынтыкташты.

02

04

06

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент.