Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 17.06.2022 отуруму

00

2022-жылдын 17-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана 2021-22-окуу жылында аткарылган иштер", "КУУнун ректорун шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы" жөнүндө жана башка маселелер каралды. Жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, профессор Садык Алахан баяндама жасады.

Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча өткөн окуу жылында Улуттук университетте аткарылган иштер, өткөрүлгөн жыйындар, сынактар жана жетишилген ийгиликтер тууралуу айтып келип, Мамлекеттик тил - өлкөнүн биримдиги менен бүтүндүгү, туруктуулугу, коопсуздугу жана мамлекеттин тарыхый тагдырында зор роль ойноорун, ошондуктан, Улуттук университетте мамлекеттик тилдин толук кандуу иштешине ар бирибиз фундаменталдуу мамиле кылышыбыз зарыл экендигин белгиледи.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча юридика факультетинин деканы Кынатбек Сманалиев чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын жана Өкмөттүн токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобонун" негизинде КУУнун ректорун шайлоону күзгө жылдыруу боюнча жумушчу топтун сунушун билдирип, аны негиздеп берди. 

Жыйындын соңунда, экономика факультетинин деканы Эркин Кулова жыйындын катышуучуларын экономика илимдеринин доктору, профессор, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" кафедрасынын башчысы Мукаш Исраиловго "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө  факультеттин окумуштуулар кеңешинин сунушу менен тааныштырды.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

press knu 2022