Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

М.Исабекова: Мен окуган жана эмгектенген чөлкөм таануу жана тарых факультети

Исабекова Мархамат - Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты 

isabekova

МЕН ОКУГАН  ЖАНА ЭМГЕКТЕНГЕН ЧӨЛКӨМ ТААНУУ ЖАНА ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

(факультеттин тарыхынан)

Кыргыз элинин сабаттуулугун жогорулатуу жана маданий революцияны ийгиликтуу ишке ашыруу максатында 1931-жылы  республикадагы биринчи жогорку окуу жайы - Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институту - ачылган. Республикабызда андан ары илим менен техниканын, сабаттуулуктун өсүшүнүн негизинде СССР министрлер  Советинин  1951-жылдын 24-майындагы токтомуна байланыштуу педагогикалык институттун базасында Кыргыз мамлекеттик университети ачылган жана республикадагы  кийинки пайда болгон ЖОЖдордун альма-матери болгон. Ал эми бизди  окутуп, билим тарбия берген жана биз эмгектенип  жаткан тарых факультети пединституттун базасында 1934-жылы коомдук илимдер факультетинин ордуна тарыхчы мугалимдерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында  негизделген.

Тарых факультетинин түптөлүшүнө борбордун жогорку окуу жайларынан атайын РСФСРдын эл агартуу бөлүмүнүн жолдомосу менен (1933-1937) келишкен  Б.М.Зима  жана анын жубайы А.Г.Зима, Г.Т.Зайцев, Н.А.Чубуков, Г.Е.Феодоров ж.б. чоң көмөк көрсөтүшкөн.  1948–жылдан тартып Орто Азия мамлекеттик  университетинин бүтүрүүчүлөрү В,М.Петровец , А.А.Чукубаев тарых факультетинде эмгектене баштаган.  

Мен 1962-1966–жылдары Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык училищены артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин, ошол  эле  жылы  Ж.Баласагын  атындагы КУУнун  тарых жана чөлкөм таануу  факультетине тапшырып, 1971–жылы бул окуу жайын да артыкчылык диплому менен аяктап, факультеттин  окумуштуулар кеңешинин чечими менен  аспирантурада калтырылдым. Аны аяктагандан кийин, 1974–жылдын ноябрынан тартып, тарых факультетинин СССР тарыхы кафедрасында  окутуучу, 1983–жылдан тартып ага окутуучу, 1987-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Азия жана Африка өкөлөрүнүн тарыхы  кафедрасынын доценти  болуп иштеп келе жатам.

В.М.Петровец биз окууга өтүп, 1-курста окуй баштаганда СССР тарыхы сабагынан лекция окуп, А.О.Жолдошева ушул предмет боюнча семинардык сабактарды өтчү. Экөөсү тен абдан такшалган, билими терең педагогдор эле. В.М.Петровец сабак ортолоп калганда баарыбызды тургузуп, физзарядка да жасатчу. Негизги, көңүлүбүздү билим алууга буруп, "кийимиңер таза, тыкан, бүтүн болсо  ошол жеткиликтуу, дайыма тамагыңарга көңүл бургула, эч качан ачка жүрбөгүлө, студенттердин «кийгени жибек, ичкени кебек»  болбой, студенттик мезгилде ден-соолугунарды сактагыла, көп студенттер  окууну  бүтүргөнчө гастрит менен ооруп калышат. Акчаңар артса театр, музейлерге баргыла, албетте илимий, адабий китептерди көп окугула" – деп бизге тарбиялоо жагына да көп көңүл бурушчу. А,А,Чукбаев агай болсо 4–курста  «Тарыхты окутуунун методикасы» деген предметти окутуп, бизди сабакты кандай өтүү керек, педагог кандай болуу керек деген маселелер менен тааныштырып, болочок кесибибизге багыт берди.

Биз окуган мезгилде факультетте СССР тарыхы, Кыргызстан тарыхы, Жалпы тарых, Тарыхты жана коом таануу сабактарын окутуунун методикасы кафедралары бар болуп, факультеттин деканы  проф. С.А.Аттокуров да, КУУнун ректору С.Т.Табышалиев да тарых факультетинин бүтүрүүүсү болчу. Анда биз  - тарых факультетинин студенттери - азыркы Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, азыркы Юридикалык институттун корпусунда  окуп, Белинский  жана Жибек жолунун  кесилишиндеги  КУУнун №4-жатаканасынын  4, 5-этаждарында жашачуубуз.  Ал мезгилде бизди Хасанов А.Х, Петровец В.М.,  Искенова С.С, Жолдошева А.,А.,.Сраждинов А.С.,Мохова Г.А., Скляр И.М.(СССР тарыхынан) Чокушев Б.Ч, Бактыгулов Ж.С., (Кыргызстандын тарыхынан) Карабаев О.К., Аттокуров С.А., Мамбеталиева К.М. Арзыматов А,А. Дооронбекова Р Е. Тутлис А.П, Мусин Х.М.., Жамгерчинов, Ахназарова Б.А. М.Б.,Рыскулов А.Р, Есенгараева Ш.Т. (Азия жана Африка, Европа, Американын тарыхынан), Табалдиев А.Т., Султашева М.С.( Философиядан), Ачылова Р.А.( философиянын тарыхынан), Мохов А.П., Балтабаев Т.Г. (педагогикадан), Гершун П.П. (психологиядан)  Аттокуров С.А., Мамбеталиева К. М,( этногафиядан), Эралиев З.Э. Карабаев О.К  Чукубаев А.А., Садабаева К.С. (тарыхты окутуунун методикасынан), Идинов А.И., Узбеков С.У. (КПССтин тарыхынан) ж.б. агай-эжелер окутушчу.

Алардын дээрлик көбүнүн илимий даражалары бар, илимдин кандидаттары жана докторлору. профессор жана доценттер эле. Алсак  ,70-80 жылдары тарых факультетинде 5 илимдин доктору: Хасанов А.Х, Чукубаев А.А.,Зима Б.М, Мусин А.А., Аттокуров А.А., Малабаев Ж.М. Тарых  илиминин кандидаттары, доценттер: Арзыматов А.А, Зима Б.М. Жунушев А,Бактыгулов Ж.С.Мамбеталиева К.М,Карабаев О.К, Сраждинов А.С. Омуркулов М.О,Петоровец В.М.Мохова Г.А Шелике В.Ф, Скляр  И.М, Сагынбаев О.С. Есенгараева Ш.Т, Рыскулов А.Р.,Оморов М.Н,Дооронбекова Р.Е.,Искенова С.С.   Ага окутуучулар жана  окутуучулар:  Эралиев З.Э,Ахназарова Б.А, Тутлис П.А,Эгемназаров Д.Э, Садабаева К.С,Жамгерчинов М.Б, Урустамбеков Б.У, Момбекова Ж.К.

Агай-эжелер бизге лекция, семинардык сабактарды өтүү менен бирге, тарыхый булактар менен иштеп, аларды окуу керектигин айтып, К.Маркстын, Ф.Энгельстин, В.И.Лениндин эмгектеринен жана ар турдуу тарыхый булактардан өз алдынча окуп, үйрөнүп, керектүү маалыматтарды таап, конспект жазуу ыкмаларын талыкпай үйрөтүшкөн. Бизге билим негиздерин уйротуу менен, ар бир сабакта сөзсүз тарбиялык жагына да көңүл бурушчу. Биз кандай кийинебиз, кандай тамак ичебиз, сабакка кантип даярданабыз, сабактан бош убактыбызды кантип өткөрөбүз байкап, биздин студенттик жатаканабызга күн сайын  барып (мугалимдердин дежур болуу графигинин негизинде) биздин турмуш-тиричилигибизден кабардар болуп турушчу. Ал кездерде студенттердин бардыгы жатаканада жашап окушчу. Эсимде, 1-курска жаңы өткөндө  31-августта үйдөн келсем жатаканага орун калбай калыптыр. Анда тарых факултьетинде комсомол комитетин Шеримкулов М,Ш (бүтүрүүү курста экен) тейлейт экен. Аттокуров декан катарында, мени өтө алыскы Лейлек районунан келгенимди эске алып, КУУнун прфкомунан кошумча ордер бөлдүрүп берген. Студенттик жатаканада да түрдүү тематикадагы студенттик кечелер, викториналар, белгилүү жазуучулар, артисттер, окумуштуулар менен жолугушуулар  болуп турчу. Биздин группанын куратору Есенгараева Ш.Т. болчу. Эже бир куну 3-курста окуп жатканымда эртең менен жатаканага келип, мени МГУга окуйсунбу, бир курс төмөн отурасын, которулсан - деди. Мен ата-энем менен сүйлөшүп көрөйүн дедим. Атам үйрөнүп калган эле окуу жайында окуй бер, бир жылыңды да кетирбе деди. Ошентип өзүмдүн эле окуп жаткан тарых факультетин  аяктадым.

Ал мезгилде студенттер менен мугалимдердин арасында өтө сый мамиле болуп, агай-эжелерди абдан урматтап, сыйлачуубуз. Ар бир группада өзүнүн куратору болуп, аларды группанын ар бир студенти, анын ата-энеси, социалдык абалы, окуудагы  ийгйликтери, коомдук жумуштарга  катышуусу жөнүндө толук информация болуп, өтө муктаж студенттерге стипендия берилип турчу. Күз мезгилинде окуу башталгандан кийин эле сентябрь-октябрь айларында түштүккө пахта тергени барчубуз Пахтагага Бактыгулов Ж.С., Дооронбекова Р.Э., Москалов МА. сыяктуу агай-эжелер алып барганы эсимде. Пахта талаасында чогуу пахта терип, чогуу тамактанып, студенттер өз ара да жакындан таанышып, чоң. ынтымактуу коллективде эмгектенип, алдыбыз 200, артыбыз 70-50 килодон пахта терип, сентябрь-октябрь айларында айыл-чарба иштерине көмөктөшүп, анан Жалал-Абаддан поездге олтуруп  өзүбүздүн билим уябызга кайра кайтчубуз. Пахтадан келгенден кийин сабактар бүтөөрү менен   факультеттеги  тарых кабинетинде же Университеттин борбордук корпусундагы окуу залында, ал залда классиктердин бардык эмгектери, бизге керектүү окуу куралдарынын бардыгы бар эле, 3 этажда, азыркы тарых музейинде, сабактарга даярданчуубуз. 2-курстан баштап республикалык, ал мезгилдеги В.Г.Чернышевский атындагы республиканын мамлекеттик (азыркы өспүрүмдөр жана басма сөз) китепканасынан даярдана баштадык. Биз окуганда бардык студенттер бюджеттик бөлүмдө окушчу, контракт бөлүмдөрү жок эле, сессияны начар  тапшырып калса, стипендияга жетпей калышчу, ошондуктан  бардыгы жакшы окуп, стипендия алганга аракет кылышчу. Жайкы сессия аяктаганда археологиялык, этнографиялык, музейдик практикага, жогорку курстарда педагогикалык практикаларга чыгып, өз кесибибизди тереңдетүүгө алектенчубуз. Албетте, ар дайыма кайсы багытта болбосун. такшалган устаздарыбыз бизди коштоп, бардык практикаларда башында болуп, бизге багыт берип, болочок кесибибизге даярдашчу. Ошол традициялар, биздин курска чейин да, биз окууну бутуп кеткенден кийин да үзгүлтүсүз улантылып келүүдө. Аны өзүм ушул факультетте окуп, ушул жерде эмгектенип келе жаткан  окутуучу катарында айта аламын. Албетте, бизге билим тарбия берген педагог ,окумуштуулардын улуу муундарынын көбүнүн көзү өтүп кетти, азыр биздин муундун өкүлдөрү факультеттеги улуу муундарыбыз. Алар: т.и.д, профессорлор:Жакыпбеков Ж.Ж, Арзыматова,  т.и.к., проф,Момбекова Ж.К., т.и.к, доценттер: Мамбетова Г.М., Беделбаев А.Б, Шейшеканов Т.К,  анан орто муундар: т.и.д. профессорлору: Чоротегин Т. Галиева З.Г., Батырбаева Ш.Ж, Бикбулатова А.Р,, Омурова Ж.О., т.и.к, доценттер: Жанакеева А Т..Алимова Б.М, Жолдошев Р.Ж., Кушубеков А.Т., Солтобаев О.А., Эралиев С.Э., ага окутуучулар: Р.Ж.Арзыгулова С.Жалиева Б.Х., анан алардан кийинки өзүнөн алдыкы муундардын учугун улап келе жаткан жаш муундар: тарых  факультетинин деканы, т.и.к, доц . Сырдыбаев Т.С, т.и.к. доцент, кафедра башчылары: Асанов Т.И. Асипбаева М.А,  Чаргыноа Т.Т., т.и.к. доценттер: Жалиева Б.М, Чодолдоева Г. Момошева Н., Султаналиева Н,, Асантурова Т,, Жумалиева С, Ч, Каулбекова Р,Кадыралиева Н,Ш. т.и.к. ага окутуучу, декандын жардамчысы Алымкожоев О.Ж, ага окутуучулар: Орозов А.К, Токтосунов Т.Ж, Сатимкулова М, Мамытова А, Б. Орозакунова З, Ж. Толобаева Э.А, Торогелдиева Э.Э. Токобаев С.И., Эсенбаева А.С.,Жантелиева Н.Г, Жусупова М.М, Албетте,  кийинки муундардын өкүлдөрү деле  улуу көч кайда  барса, кийинки көч да ошол багытты көздөйт дегендей, өздөрүнүн илимий, педагогикалык тажрыйбасын тереңдетип, өзүнөн кийинки жаш мугалимдерге, факультетибиздеги торт кафедранын лаборанттарына,  деканатта  жана тарых музейинде кызмат кылган менеджерлерге,  факультетте билим жана тарбия алып жаткан студенттерге жана  магистранттарга, өсүп келе жаткан  жаш муундарга  билим жана тарбия берүүнүн үстүндө талыкпастан эмгектенип келе жатышат. 

Менин жана мен сыяктуу ошол мезгилдеги жаш мугалимдердин педагогдук кесипте калыптанышына бизди окуткан  агай–эжелердин салымы чоң. КМУУнун тарых факультетинде эмгектенип, коллега болуп иштеп жүргөдө да алардын илимий-педагогикалык тажрыйбасы бизге үлгү болду. Алсак, А. Х.Хасанович менин илимий жетекчим , кафедра башчым да эле. Ал  агай студенттерди өз баласынан кем көрчү эмес, кафедранын чогулушу болгон сайын бизге да эскертип турчу - студенттердин сабакка катышканынын өзү эле үчкө татыкту, эки койбой, аларга аяр мамиле жасап, сабагынарды жеткиликтүү деңгээлде өткүлө, андыктан өзүңөрдүн билим жана методикалык денгээлинерди жогорлатууга аракет кылгыла – деп дайыма эскертип турчу. Ошону менен бирге агай улуттар аралык достук мамилелерге өзгөчө маани берип, башка улуттун өкүлдөрүнө дайыма сый-урмат менен мамиле жасап, алар менен достукта жашоого үндөөчү. Өзүнүн студенттерге окуган лекцияларында да, жазган илимий  эмгектеринде, макалаларында да бул проблемага өзгөчө көңүл  бөлчү.

Биздин өздү кесибибиздин  такшалышына  Университет тарабынан да ар дайым  адистигибиз жогорлатуу боюнча курстарга МГУга, ЛГУга, Казан университеттериндеги педагогдук  адистикти жогорлатуу курстарына жиберип турчу.  Мен да 1979-ж. март-май айларында СССР Илимдер  Академиясынын тарых институтунда  илимий  стажировкада,  М.В. Ломоносов атындагы Москва университетинин тарых факультетинде (1980 –ж. январь- апрель; 1986-ж. февраль-май) адистикти жогорлатуу курсунда, Ленинград мамлекеттик университетинде (1990-ж. сентябрь) илимий  стажировкада болдум , андан   бери да өзүбүздүн Улуттук университетте мугалимдердин кесибин жогорлатуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарга  бирге иштеген коллегаларым менен катышып, илимдеги, техникадагы жаңылыктар менен таанышып турабыз.

Хасанов А.Х. менин илимий жетекчим жана кафедра башчыбызда болчу. 2-курстан баштап, агайдын жетекчилигинде курстук иштерди жазып,  илимий конференцияларга катышып жүрүп, 5-курста  дипломук ишке айланды, жана аспирантурада окуп жүргөндө ал проблема боюнча кандидаттык диссертация  жаздым. 1982 жылы  март айында Алма-Атада  Казак мамлекеттик университетинде «Кыргыз эмгекчи массаларын идеялык-саясий жактан тарбиялоо (1917-1937жж.)» деген темада кандидаттык диссертациямды коргоп, ал Москвадан ВАКтан 1983 ж. бекитилген эле.

Биздин устаздарыбыз үйрөтүп кеткендей жалпы тарых жана чөлкөм таануу факультетинин жаамааты жаш муундарды өз мекенин сүйүүгө, ошону менен кошо өз кесибин сүйүүгө жана улуу муундардын жолун жолдоп, коомубузду  алга сүрөгөн билимдүү, илимдүү, өзүнүн эли-жери үчүн кызмат кылган патриот жаштарды тарбиялоого, аларга заманбап билим берип окутууга аракет  жасоодобуз.

Биздин факультеттин жүздөгөн, миңдеген бүтүрүүчүлөрү негизинен агартуу майданында жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, республикабыздын архив-музей тармактарында, коомдук-мамлекеттик кызматтардын бардык  баскычтарында  кызмат өтөп,  эмгектенип  келишүүдө.