Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты

2022-жылдын 26-апрелинде «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган «Чынгыз Айтматов: көркөмдүк-эстетикалык, философиялык таанымдар» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева, окумуштуулар, журналисттер, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар катышты. Жыйынга келгендер адегенде Бишкек шаарындагы Чынгыз Айматов атындагы № 1 китепканасы уюштурган китептер көргөзмөсү менен таанышышты.

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Т.Бакчиев жыйынды ачып, аталган иш-чаранын максаты жана академиянын алдыдагы иш пландары тууралуу айтып берди. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган видеотасма көрсөтүлдү. Жазуучунун чыгармалары боюнча баяндамалар жасалды. Тегерек столдо улуу жазуучунун чыгармалары боюнча пикир алышуулар абдан кызыктуу өттү.

02

04

06

Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз тил илими кафедрасынын профессору