Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 22.04.2022 отуруму

02022-жылдын 22-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Кышкы сессиянын жыйынтыгы жөнүндө", "1-апрелден баштап КУУнун кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн форматта өткөн жыйындын башында ректор кыргыз филологиясы факультетинин профессору Шаршеев Ниязбек Токомбаевичти 80 жаш кутман курагы менен куттуктап, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын №70-номерлүү төш белгисин тапшырды.

Андан кийин ал кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча академиялык саясат башкармалыгынын начальниги Гүлнара Абакирова чыгып сүйлөп, 2021-2022-окуу жылындагы кышкы сессиянын жыйынтыгы жөнүндө айтып берди.

КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров жана пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Мысакулова 1-апрелден баштап КУУнун кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү боюнча кеңири билдирүү жасашты.

КУУнун окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаева мамлекеттин, укуктун  теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору Токтобаев Болот Токтомышовичти "профессор", информатика жана эсептөө техникасы кафедрасынын доценти Кабаева Зарина Сарыгуловнаны "доцент" наамын алууга Улуттук аттестациялык комиссияга көргөзүү, ал эми кыргыз-европа факультетинин доценти А.А.Орозонованын илимий жетекчи болуусуна аталган комиссиядан уруксат алуу боюнча сунуш киргизди. 

"Жазуу иштериндеги өздөштүрүүлөрдү текшерүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топтун төрагасы Байтик Бузурманкулов билдирүү жасады.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

03

06

08

10

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

press knu 2022