

Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
18.04.2022 08:31
2022-жылдын 15-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин профессор-окутуучулары №5-жатаканада жашаган сутуденттер үчүн ифтар уюштуруп, аларды ыйык орозо айы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалашты. Аталган иш-чарага демөөрчүлүк кылган жалпы окутуучуларга терең ыраазычылык билдирем. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Факультетибизде өнүгүү болуп, ушундай жакшы иштер улана берсин.
Учурдан пайдаланып КУУнун жалпы профессор-окутуучуларын жана кызматкерлерин рамазан айы менен кыргыз филологиясы факультетинин жалпы жамааты куттуктайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болуп, сооптуу иштериңиздер көп болсун. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Университетибиз гүлдөп өнүгө берсин!
Солтоноев Актилек - тарбия иштери боюнча декандын орун басары