Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты

2022-жылдын 25-мартында "Дар" маданий борбору тарабынан "Москва дискуссиялык клубунун илимий кызматкерлер ассоциациясынын" жыйыны болуп өттү. Иш чарада Россия илимдер академиясынынчыгыш таануу институтунун жетектөөчү кызматкери, тарых илимдеринин доктору И.В.Зайцев "О булгарских шейхах - подлинных и мнимых. Казанский шейх Мухаммед-Амин ал-Булгар в Тебри: в конце XV века" деген темада лекция окуду.

Ал булгар шейхтери, ошондой эле Мухаммед-Амин ал-Булгар в Тебри тууралуу илимий иликтөөлөрүн, илимий ачылыштарын ортого салды, материалдарды талдоодо окумуштуу негизинен тарыхый булактарга, илимий фактыларга басым жасады. Теманын чегинде И.В.Зайцевге суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Семинарда теманын чегиндеги айрым бир маселелер талкууга алынып, окумуштуулар өз ойлору менен бөлүшүштү

Жыйынга аталган институттун илимий кызматкерлери жана чет өлкөлөрдөн угуучу катары окумуштуулар чакырылды. КУУнун профессору Жаманкулова Гүлжамал семинарга угуучу катары чакырылды.

Илимий дискуссия абдан кызыктуу өттү.

02

04

06

08

10

* * * 

2022-жылдын 29-мартында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка элдеринин институту уюштурган “Как меняется политическая культура Афганистана? – взгляд исследователей Узбекистана и России” аттуу эл аралык онлайн-семинар болуп өттү. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандан окумуштуулар катышты.  Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин ага окутуучусу, политолог Рустам Махмудов аталган темада лекция окуду. Ал  Афганистандын саясий маданиятынын өнүгүү эволюциясын модернисттик проектилер боюнча талдоого алды.

Лекция абдан мазмундуу жана кызыктуу болду.  Андан соң орус жана өзбек окумуштуулары жогоруда аталган темага байланыштуу өз баяндамаларын жасашты. Иш-чара суроо-жооптор, кызуу талкуу менен коштолду. Семинарда окумуштуулар теманын чегиндеги айрым маселелер боюнча өз пикирлерин ортого салышты жана аргументтерин келтиришти. Аталган иш-чара мазмундуулугу, жандуулугу, кызыктуулугу менен өзгөчөлөндү.

20

22

24

26

28

30

Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз тил илими кафедрасынын профессору