Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 23.03.2022 отуруму

00

2022-жылдын 23-март күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "2021-жылдагы каржы-чарба иштеринин жыйынтыгы", “Ардактуу профессор” наамын ыйгаруу", олдонмо информатика багытын программалык окууга өткөрүү" жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду.

Ал бекитилген соң, ректор 18-мартта болуп өткөн шайлоодо жеңип чыккан талапкерлерди декандыкка дайындоо боюнча буйрукка 22-март күнү кол койгонун билдирип, жаныдан факультет жетекчиси болуп дайындалган Анара Камалованы (кыргыз-европа факультети), Бактыгүл Баратованы (маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети), Ширин Костюкту (журналистика факультети), Роза Сарымзакованы (химия жана химиялык технология факультети) жана Зухра Гузиеваны (чет тилдер факультети), о.э. кайрадан шайланган Рысбүбү Бейбутованы (эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети), Эркин Кулованы (экономика факультети), Кынатбек Сманалиевди (юридика факультети), Сардарбек кызы Нурайымды (орус жана славян филологиясы факультети), Бактыбек Жайлообаевди (кыргыз филологиясы факультети), Софья Апаеваны (кыргыз-кытай факультети), Рыскүл Токторованы (география, экология жана туризм факультети), Шафика Сулейманованы (биология факультети), Алайбек Шамшиевди (кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети), Кундузгүл Базакееваны (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети), Камчыбек уулу Мырзабекти (социалдык-гуманитардык илимдер факультети), Рахат Сулайманованы (педагогика факультети) жана Меримкүл Керимкулованы (башкаруу жана бизнес факультети) кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Андан кийин ал КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, э.и.д. Арзыбек Кожошев менен Россия илимдер академиясынын академиги, э.и.д., профессор Сергей Глазьевге "КУУнун ардактуу профессору", ал эми Кореянын Кемен Университетинин ректору Шин Иль Хи мырзага "КУУнун ардактуу доктору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.

Окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит  кафедрасынын доценти Нази Рыспаеваны "доцент" наамын алууга көргөздү.

Улуттук университеттин 90 жылдыгына байланыштуу КУУнун кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көргөзүү жөнүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан билдирүү жасады.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев "2021-жылдагы каржы-чарба иштеринин жыйынтыгы" боюнча баяндама жасап, көптөгөн суроолорго жооп берди. 

А.С.Дөөлөталиеванын "Орто мектептин окуучуларын маселе чыгарууга үйрөтүүнүн психодидактикалык негиздери" деген аталыштагы докторлук темасын (илимий кеңешчиси - п.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Э.Мамбетакунов) жана Г.Ж.Билбаеванын "Русскоязычная поэзия Кыргызстана в историко-литературном контексте XX-XXI веков" деген аталыштагы докторлук темасын (илимий кеңешчиси - филол.и.д., профессор Мамбеталиев К.И.) бекитип берүү жана журналистика факультетинин доценти Ш.А.Костюктун “Влияние СМИ на социальные-политические процессы в КР (на примере телевидения)” аттуу монографиясын басып чыгарууга сунуштоо боюнча илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев билдирүү жасады.

Жумушчу топтун төрагасы Байтик Бузурманкулов "Жазуу иштериндеги өздөштүрүүлөрдү текшерүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жасап, маселе кошумча изилдөөнү талап кылгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылды.

Колдонмо информатика багытын программалык окууга өткөрүү боюнча математика жана информатика факулътетинин деканы Изат Усенов сунуш киргизди.

Жыйындын соңунда ректор Канат Садыков КУУнун эл аралык байланыштары кеңейип, ШКУ университети, КМШ тармактык университети боюнча жумуштар көбөйүп, Жибек Жолу институту түзүлүп жаткандыгына байланыштуу эл аралык байланыштар боюнча атайын проректор зарыл экендигине токтолуп, бул кызматты илимий иштер боюнча проректор айкалыштырып иштей алаарын, ал кызмат "Илимий иштер жана эл аралык кызматташтык боюнча проректор" деп аталаарын билдирди жана ушул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылуу сунушун киргизди. Ал о.э. ректораттагы айрым кыскартуулар боюнча билдирүү жасады. 

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

press knu 2022