Ишемби, Октябрь 17, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Профессор Г.Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык онлайн илимий конференцияга катышты

00

2022-жылдын 9-февралында М.В.Ломоносов атындагы Москва университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институту, Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университети, Ташкент мамлекеттик Чыгыштаануу университети, Мамлекеттик Чыгыш музейи биргеликте Россиядагы Азербайжан Республикасынын элчилигинин, Россиядагы Өзбекстан Республикасынын элчилигинин, Россиядагы Гейдар Алиев фондунун өкүлчүлүгүнүн жана Эл аралык Түрк академиясынын колдоосу менен “От Низами до Навои: времен связующая нить” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны онлайн форматта өткөрүштү.

Конференциянын ачылышында Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор А.А.Маслов, Россиядагы Азербайжан Республикасынын элчиси Полад Бюлбюль оглы, Россиядагы Өзбекстан Республикасынын элчиси Б.З.Асадов, Евразия элдеринин Ассамблеясынын Генералдык Секретариатынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы улуттар аралык мамилелер кеңешинин мүчөсү, саясий илимдеринин доктору С.К.Смирнова, Эл аралык Түрк академиясынын президенти, тарых илимдеринин доктору Казакстан Республикасынын илимдер академиясынын академиги Д.К.Кыдырали, Ташкент мамлекеттик Чыгыштаануу университетинин ректору Г.Ш.Рихсиева куттуктоо сөздөрүн айтышып, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалашты.

Пленардык жыйында Россия илимдер академиянын А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий жетечиси А.Б.Куделин, Азербайжан илимдер академиясыны вице-президенти, академик, Низами Гянджеви атындагы адабият институтунун директору, ф.и.д., профессор Габиббейли Иса Акпер оглы, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Казахстандагы филиалынын директорунун орун басары Абдильдина Раушан Жабайхановна ж.б. доклад окушту.

Конференцияга Америка, Улуу Британия, Франция, Бразилия, Португалия, Россия, Түркия, Пакистан, Кабарда-Балкария, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан окумуштуулар катышты.

Пленардык жыйындан соңунда "Низаминин ырларын окуйбуз" аттуу мурда даярдалган поэтикалык челлендж видеоролиги көрсөтүлдү. Мен анда Низаминин "Жети сулуу" поэмасынан үзүндүнү Э.Эрматовдун котормосунда кыргызча окугам.

Иш-чаралар 4 секцияда уланды. Конференцияда окумуштуулардын ортосундагы илимий-практикалык баарлашуу абдан жандуу өттү. Докладдар окумуштуулар тарабынан кызыгуу менен кабылданды жана кызуу талкууланды.

Гүлжамал Жаманкулова 3-секцияда модераторлук ишти аткарды (Д.А.Пулатова, Э.М.Иззетова менен биргеликте) жана «Низами Гянджеви и влияние его творчества на развитие восточной литературы» дегентемада доклад-презентация жасады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз тил илими кафедрасынын профессору

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 214 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары