Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 10.02.2022 отуруму

002022-жылдын 10-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2021-жылдагы жыйынтыгы жана илимий-изилдөө иштеринин өнүгүшүндөгү перспективалар", "КУУнун окумуштууларынын доктордук диссертацияларынын темасын бекитүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды.

Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, ректор көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп, тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн министрликтин 2021-жылдын 27-декабрындагы №31/4-буйругунун негизинде сыйланган факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучулары Чынгызбек Керимбеков менен Гулзат Токоновагакыргыз адабияты кафедрасынын профессору Назгуль Турдубаевагамаалыматтык технологиялар жана программалоо кафедрасынын ага окутуучусу Бурул Джунушалиевагаинформатика жана эсептөө кафедрасынын ага окутуучусу Назгуль Кожомбердиевагаадистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин ага окутуучусу Жыпаркүл Джунушевага жана мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти Айнура Бешкемпировага Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарын, ал эми эмгектеги жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы №17-буйругу менен сыйланган экономика факультетинин деканы Эркин Кулова менен маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин деканынын м.а. Бактыгүл Баратовага аталган Конгресстин "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалын тапшырды.

Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча илим жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Тумар Касымова баяндама жасап, КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2021-жылдагы жыйынтыгы жана илимий-изилдөө иштеринин өнүгүшүндөгү перспективалар тууралуу айтып бердиБөлүм башчы о.э. "КУУнун окумуштууларынын доктордук диссертацияларынын темасын бекитүү жөнүндө" да билдирүү жасап, айрым суроолорго жооп берди.

Отурумдун күн тартибиндеги "Ар түрдүү маселелер" бөлүмүндө окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров "Профессордук-окутуучулук курамды шайлоо жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдүү киргизүү" жана "Окуу куралдарына министрликтин грифин алуу", математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов "Кыргыз улуттук университети менен кызматашууга мамлекеттик үлүшү бар банкты тандап алуу", кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева "Кыргыз-кытай факультетине  студенттерди кабыл алуунун  тартиби" жөнүндө билдирүү жасашып, айрым суроолорго жооп беришти. 

Жыйындын жүрүшүндө ректор "КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысын шайлоо" боюнча чыгып сүйлөп, аталган кызматка математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усеновду сунуштады. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) "Жусуп Баласагын атындагы КУУнун сыйлыктары жөнүндөгү жобонун долбоорун бекитүү жөнүндө" билдирүү жасады. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү ректордун сунушун колдоп, долбоорду бекитип беришти.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

70

press knu 2022