Ишемби, Октябрь 17, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда академик Советбек Жайлообекович Токтомышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

00

2022-жылдын 3-февраль күнү башкы имаратынын алдындагы аянтчада коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Ардак белгиси” орденинин ээси Советбек Жайлообекович Токтомышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Маркумдун сөөгү аянтчанын ортосундагы секичеге орнотулган соң, КУУнун ректору Канат Садыков аза күтүү митингин ачып, коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу-педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, академик Советбек Жайлообекович Токтомышевдин 1-февраль күнү 79 жашында катуу ооруунун кесепетинен жарык дүйнөдөн кайтышы менен мамлекетибиздин илим жана билим берүү коомчулугу, Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты чоң жоготууга учураганын белгиледи.

Андан ары ал маркумдун өмүр жолу, аткарган иштери, сиңирген эмгектери тууралуу кыскача маалымат берип, "Бүгүн биз терең ойлуу кеңешчи, таланттуу жетекчи, өзгөчө мүнөздүү инсандан айрылып, кош айтышып, акыркы сапарга узатып турган учурубуз. Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамынын атынан Советбек агайыбыздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтабыз. Агабыздын арты кайрылуу болсун, кайрат кылыңыздар. Биз ыраазыбыз. "Агайыбыздын жасаган эмгеги дагы уланат" деп убада беребиз. Кош болуңуз, урматтуу агабыз Советбек Жайлообекович", - деп маркумдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтты. Ал о.э. Билим берүү жана илим министри Болотбек Дуйшекович Купешев ооруканада дарыланып жаткандыгына байланыштуу келе албай калгандыгын, бирок Советбек Токтомышевдин жалпы туугандарына жана кесиптештерине өзүнүн атынан көңүл айткандыгын билдирди.

Андан кийин, Советбек Токтомышев тууралуу эскерүү жана коштошуу сөздөрүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Джуматаев, Советбек агайдын курсташы, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КУУнун профессору Эсенбек Мамбетакунов айтышты.

Аза күтүү митингинин соңунда Советбек Токтомышевдин иниси Өмүркулов Алибек чыгып сүйлөп, бүгүнкү коштошуу зыйнатына катышып, маркумдун үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшүп жаткан Президенттик Администрациянын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек Мэриясынын жана Улуттук университеттин өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 185 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары