Ишемби, Октябрь 17, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Академик Токтомышев Советбек Жайлообекович дүйнө салды

0Кыргыз Республикасынын илими, билим берүүсү, атпай журт орду толгус чоң жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Ардак белгиси” орденинин ээси Советбек Жайлообекович Токтомышев 79 жашында көз жумду.

С.Ж.Токтомышев 1943-жылдын 1-май күнү Москва районунун Предтеченка айылында төрөлгөн. Ушул жылы атасы Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон.

1960 – 1964-жылдары Кыргыз мамлекетттик (азыркы Улуттук) университеттин физика факультетинин студенти болуп, 4-курсту бүткөн соң Новосибирск мамлекеттик университетине которулуп, бир жылдан соң окуусун бүтүргөн. 1965 – 1968-жылдары ушул эле университеттин аспирантурасын бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келип, 1968 – 1976-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1986 – 1988-жылдары окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенген.

1976 – 1986, 1988 – 1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун физика кафедрасынын башчысы болуп иштеди.

С.Ж.Токтомышев 1992-жылы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалып, кийинки жылы атаандаштык негизде ректор болуп шайланган. 1998-жылга чейинки алты жылда С.Ж.Токтомышевдин жетекчилиги астында Улуттук университетте чоң өзгөрүүлөр болуп, окуу жайдын эл аралык байланыштары сапаттык жаңы баскычка көтөрүлдү.

1998 – 1999-жылдары С.Ж.Токтомышев Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри кызматын аркалады.

Ал эми 2000-жылдан көзү өткөнгө чейин С.Ж.Токтомышев Ж.Баласагын атындагы КУУда эмгектенип, Спутниктик байланыш борборунун директору болуу менен бирге проректор болуп иштеди жана андан кийин ректордун кеңешчиси, “Атмосфераны мониторингдөө” илим-изилдөө борборунун директору болуп эмгектенди.

С.Ж.Токтомышев техника илимдеринин доктору (1984), профессор (1985) КР УИАсынын академиги (1997) болуу менен бирге 200дөн ашуун илимий эмгектердин, монографиялар менен окуу куралдарынын автору жана илимий ачылыштарын тастыктаган күбөлүктөрдүн ээси болду. Өзүнүн илимий мектебин түзгөн окумуштуу катары 20га жакын илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдап чыгарды. Илимий эмгектери АКШда, Жапонияда ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө жарык көргөн.АКШнын Нью-Йорк академиясынын, Эл аралык илим, билим берүү, индустрия академиясынын (Калифорния, АКШ) академиги, Донг-Гук университетинин (Корея Республикасы, Сеул) ардактуу доктору болгон.

“Озон катмарын коргоо боюнча Вена Конвенциясынын” (1985) алкагында Жердин озон катмарын коргоо ишине, Монреаль келишимин ишке ашыруу жумушуна баа жеткис салым кошкон. С.Ж.Токтомышевдин бул багыттагы эмгектери менен ачылыштары жана ал жетектеген атмосфераны мониторингдөө боюнча КУУнун “Ысык-Көл” илимий станциясы, анда жүргүзүлгөн илимий иштер менен алынган натыйжалар дүйнөлүк коомчулук, атактуу окумуштуулар чөйрөсү тарабынан жогору бааланган.

С.Ж.Токтомышевдин илим, билим берүү, техника багытында сиңирген эмгеги эл-журт, мамлекет тарабынан жогору бааланып, натыйжада, окумуштуу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун, ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарында депутат болуп шайланган.

Советбек Жайлообекович Токтомышевдин жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-февраль күнү саат 10.30да Кыргыз улуттук университетинини башкы окуу имаратынын алдындагы аянтчада өтөт.

КУУнун ректораты, кесиптик кошундар уюму, жалпы коллективи.

02

Тема боюнча кошумча материалдар:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 237 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары