Ишемби, Октябрь 17, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Социологиялык изилдөө борборунда фокус-группалык талкуу өткөрүлдү

00

2022-жылдын 25-январында Асанбек Табалдиев атындагы социо-маданий  социологиялык изилдөөлөр борборунда “Кыргыз коомун социалдык туруксуздуктардын шарттарында чыңдоонун социалдык технологиялары: жаштар мисалында” деген темада фокус–топтук тегерек стол болуп өттү. Иш чарада жаштардын коомдогу көйгөйлөрү талкууланып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана маданий  маселелердин коомдун социалдык абалына тийгизген таасирлери эске алынышы керектиги айтылды.

Саясий кырдаалдагы кайчы пикирлер кызуу талкууну жаратып, жаштардын саясатка болгон активдүү жана адекваттуу баалары белгиленди. Муну менен биргеликте патриоттуулук маселелери көтөрүлүп, кыргыз журтун толуктоого толук акылары бар кайрылмандар тууралуу ой-жүгүртүүлор болду. 

Фокус –топтук тегерек столдун катышуучуларын Ленин райондук  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Тажибаев Канзаман, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкери Имаш уулу Даулет, социология жана социалдык иштер кафедрасынын лаборанты Талантбек  кызы Тунук, жеке ишкер Рашитова Асель, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социалдык кызматкер адистигинин студенттери Мунарбек уулу Иман, Курманбек кызы Мирзат жана башкалар  толуктады.

Айта кетсек, мындай изилдөө КМУ тарабынан каржыланып, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин алдындагы А.Табалдиев атындагы социо-маданий изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Берилген гранттын суммасы - 218 000 сом. Анын ичинен изилдөөгө керектүү техникалык каражаттарга бөлүнгөн сумма (SPSS программасын орноштуруу үчүн компьютер, планшет жана диктофон) - 155 000 сом. Техникалык каражаттар берилери менен изилдөө Кыргызстандын баардык аймактарында уланат.

Изилдөөнүн максаты - кыргыз коомундагы социомаданий өзгөрүүлөрдүн ынтымактуулукка, туруктуулукка тийгизген таасирлерин изилдөөдө социалдык технологияларды колдонуу шарттарын жаштардын мисалында изилдөө. Долбоордун милдети коюлган максатты ишке ашыруу жана талдоо. Саясий процесстердин жаштарга тийгизген таасирин аныктоо жана коомдогу биримдикти, ынтымактуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууда жаштардын ордун карап чыгуу. Асанбек Табалдиев атындагы социомаданий изилдөө борборунун жана социалдык иш кафедрасынын мүчөлөрү ишке ашырат.  

Долбоорго катышуучулардын саны: 6. Анын ичинде жетекчи – А.Табалдиев атындагы социомаданий изилдөө социологиялык борборунун башчысы Шайылдаева А.К., тең-жетекчи – «Социология жана социалдык иш» кафедасынын башчысы Жусубалиев А.Р., аткаруучулар – Усубалиева А.А., Матиев Б.Т., Талантбек к Т., Токоева Н.Б.

02

04

Токоева Н. - социолог-инженер

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 174 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары