Ишемби, Октябрь 17, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу боюнча тренинг башталды

00

2022-жылдын 27-январь күнү эрте мененки саат 10до 8-окуу имаратындагы конференц-залда 2020-жылдын 13-ноябрында президенттин м.а. Садыр Жапаровдун №39-жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан уюштурулган "Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү саясаты жана практикасы" аттуу тренинг башталды. Жыйынга Чүй областынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында иштеген кызматкерлер катышууда.

Иш чараны факультет деканы Кундуз Базакеева ачып, тренинг Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Пис Нексус" фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатканын билдирди жана сөз кезегин КУУнун ректору Канат Садыковго берди. Ректор президенттин жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" концепциясынын негизги максаты - этностор арасындагы ынтымакты бекемдөө аркылуу кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү камсыз кылуу экенин айтып, аталган концепцияны талкуулап, элге түшүндүрүп, ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, о.э. мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ролу зор экенин белгиледи жана жыйындын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Өткөрүлүп жаткан жыйындын максаты жана милдеттери, иштөө эрежелери тууралуу "Пис Нексус" фондунун өкүлү Канатбек Абдиев айтып берди.

Учурда, иш чаранын катышуучулары жарандык иденттүүлүктүн айырмалоочу белгилерин, өзгөчөлүктөрүн, аны калыптандыруу ыкмаларын, "Кыргыз жараны" концепциясынын саясий-укуктук негиздерин, максатын, башкы милдеттерин, негизги багыттары менен жоболорун талдашып, аталган концепцияны алдыга жылдыруудагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ролу жана мааниси, о.э. Концепцияны ишке ашыруунун болжолдуу иш пландары менен таанышууда.

Тренингдин иши эртең, 28-январь күнү улантылат.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 179 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары