Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Бабыржан Төлбаев Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы болуп шайланды

002022-жылдын 21-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда министрликтин буйругу менен түзүлгөн Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Төлбаев Бабыржан Лотиханович шайланды, ал эми кеңештин катчысы милдетин Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору Бактыбек уулу Айдин аткармай болду.

Көзөмөлчүлүк кеңештин отурумун КУУнун ректору Канат Садыков ачып, аталган органдын мурдагы курамына ыраазычылык билдирди жана Билим берүү жана илим министрлигинин илим берүү уюмдарынын көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү жөнүндө" 2021-жылдын 29-декабрында чыгарылган №2199/1 буйругу менен тааныштырды. Аталган документке ылайык Кыргыз улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңеши төмөндөгү курамда бекитилди:

  • Акматалиев Абдылдажан Амантурович - УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;
  • Бактыбек уулу Айдин - Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору;
  • Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Осмоналиев Каныбек - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Ынтымак" балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
  • Ормушев Калнур Келдибекович - Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректоратынын кеңешчиси;
  • Степанюк Александр Владимирович - “Салгар” ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  • Султанов Марат Абдыразакович - "Агро Групп" айыл-чарба коммерциялык кооперативинин башкармалыгынын төрагасы;
  • Токтогулов Асылбек Токтогулович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы;
  • Төлбаев Бабыржан Лотиханович - "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору;
  • Турганбаев Надырбек Турганбаевич - жеке ишкер;
  • Усен уулу Жайнак - коомдук ишмер.

Отурумдун андан кийинки бөлүгүн ректордун сунушу менен Көзөмөлчүлүк кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Токтогулов  алып барды. Ал кворум бар экенин билдирип, жыйындын күн тартиби менен тааныштырды жана "Көзөмөлчүлүктүн кеңеш тууралуу жобо" боюнча аталган органдын төрагасы менен катчысы кеңештин мүчөлөрүнүн арасынан шайланаарын билдирди. Асылбек Токтогулов о.э. көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү болуу - абдан жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө төрагалыкка Бабыржан Төлбаев менен Асылбек Токтогулов, катчылыгына Бактыбек уулу Айдин менен Калнур Ормушев сунушталып, экинчи талапкерлер өз ыктыяры менен баш тартышты. Ачык добуш берүү менен өткөн шайлоонун жыйынтыгында Кыргыз улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагалыгына 9-макул, 1-каршы добуш менен  "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Төлбаев Бабыржан Лотиханович, ал эми аталган органдын катчысы болуп Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору Бактыбек уулу Айдин бир добуштан шайланды. 

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча КУУнун ректору Канат Садыков чыгып сүйлөп, Улуттук университеттин миссиясы, стратегиялык максаты, структурасы, профессордук-окутуучулук курамы менен студенттеринин саны, китепканасы, окуу имараттары, жатаканалары, пансионаты жана окуу жайдагы окуу процесси тууралуу билдирүү жасады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

40

ПКБ башчысы Гүлназ Мысакулова,  Кеңеш төрагасы Бабыржан Төлбаев (ортодо) жана катчысы Бактыбек уулу Айдин

press knu 2022 

Тема боюнча кошумча материал:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 344 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары