Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университет Баткен районундагы “Дөбө” орто мектебине гуманитардык жардам көрсөттү

00

2022-жылдын 10-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан “Дөбө” орто мектебинин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде Канат Садыков аталган мектеп бекеринен тандалбаганын, ал мектепте Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары окуурун, министрликтен жана райондон ушул мектепти камкорчулукка алгыла деген сунуш болгонун айтып, Улуттук университеттин эмгек жамааты бир күндүк маяна өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин, ал каражатка “Дөбө” мектебине керектүү эмеректер жана техникалык каражаттар алынганын, эмеректер буга чейин берилгенин билдирди жана аталган мектептин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

Тиллебай Курбанбеков чек ара тилкесинде жайгашкан “Дөбө” орто мектебине жардам бергендиги үчүн Улуттук университетке жалпы элдин, мугалимдер менен окуучулардын атынан терең ыраазычылык билдирип, “Кыргыз элинин артыкчылыгы - дайым “ач калганда, кеч калганда” бири-бирине жардам берет; “Дөөлөт кетсе кетсин, ынтымагыбыз кетпесин” демекчи, мамлекетебиздин келечеги үчүн кыргыз элинде, кыргыз мамлекетинде дайым ынтымак болсун; дайым бири-бирибизди колдоп жүрөлү. Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары окуган мектепти техникалык каражататар менен камсыз кылганыңыздар үчүн сиздерге таазим этип, терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин баарыныздарга – бала-бакыра, үй-бүлө, эмгек коллективине жараткан кудай чың ден соолук, ишиңиздерге оомат берсин. Дайым бар болунуздар, дайым ийгиликтер болсун. Чоң рахмат”, - деди.

Техникалык каражаттарды тапшырып жатып, Канат Садыков “Барганда Улуттук университеттин жамаатынын атынан мектеп мугалимдерине, окуучуларына салам айтып коюңуз. Жаңы жылда жалаң ийгиликтер, жакшылыктар болсун. Мектептин бүтүрүүүлөрүнө биздин колледжге өтүп, окуганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенге даярбыз. Сиздердин мектепке көз салып турабыз. Ийгиликтер болсун”, - деген каалоо-тилектерин айтты.

Жыйынга Улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев), административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев, башкы бухгалтер Рысхан Абдырахманова жана түзүм башчылары катышты.

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

press knu 2022

Тема боюнча кошумча материал:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 345 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары