Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 28.12.2021 отуруму

002021-жылдын 28-декабрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Окуу акысын төлөөдө студенттерге жеңилдиктерди берүү жөнүндө", "2021-жылкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы жөнүндө" жана башка маселелер каралды.

Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, ректор орус жана славян филологиясы факультетинин доценти Жоомарт Акпаралиев менен экономика факультетинин деканынын орун басары Жылдыз Койчиевага Россотрудничествонун ыраазычылык катын, ал эми жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы Асипова Нурбубу Асаналиевна менен аталган кафедранын мүчөсү Раимкулова Ажар Супуровнага "Асылзат Нуру» коомдук фондунун “Эл сыймыгы ээси” төш белгисин тапшырды.

Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев билдирүү жасап, окуу акысын төлөөдө студенттерге берилген жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков студенттерге берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордуу киргизүүнү сунуштады.

Окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева юридика факультетинин доценти Эльмира Курамаеваны, география, экология жана туризм факультетинин доценти Мураталы Дүйшөнакуновду, экономика факультетинин доценттери Жылдыз Копобаева менен Анарахан Султанованы "доцент" окумуштуулук наамын алууга көргөздү.

"2021-жылкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы" жөнүндө кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева баяндама жасады.

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Антонович Садовничийге "КУУнан ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө, математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасына академик А.А.Бөрүбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Искаков Издевалды Искаковичке "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек  Жайлообеков ф.и.д., профессор Турусбек Маразыковго "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизип, аталган сунуштарды негиздеп беришти.

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров КУУнун айрым окутуучуларынын окуу китептерин КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алууга сунуштады.

Отурумдун жүрүшүндө ректор Канат Садыков юридика факультетинин деканы Байтик Бузурманкулов өз каалоосу менен аталган кызматтан кетүүгө арыз жазгандыгына байланыштуу 2021-жылдын 27-декабрынан баштап юридика факультетинин деканынын м.а. болуп Кынатбек Сманалиев дайындалгандыгын билдирди.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

press knu 2021