Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 28.10.2021 отуруму

00

2021-жылдын 28-октябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында рограммалык аккредитациялоо жана ишмердүүлүктү өз алдынча баалоо процедурасына өтүү", "2021-жылдагы жайкы сессиянын жана бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктары" жана башка маселелер каралды.

Онлайн жана оффлайн режимде өткөн Окумуштуулар кеңешинин отуруму жагымдуу процедура менен башталып, ректор Канат Садыков окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темировго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын, ал эми жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы Нурбүбү Асиповага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Башкаруу жана бизнес факультетинин деканы Меримкуль Керимкулова факультет жамаатынын атынан техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Асаналиевге "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу тууралуу сунуш киргизди.

Андан кийин, төрага кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров билдирүү жасап, PhD программасынын "Экономика жана башкаруу", "Бизнести башкаруу", "Экономика" багыттарын, о.э. магистратуранын "Философия" багытын аккредитациядан өткөрүү зарылдыгын негиздеп берди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) КУУнун айрым кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү боюнча билдирүү жасады.

Академиялык саясат башкармасынын начальниги Гүлнара Абакирова 2021-жылдагы жайкы сессиянын жана бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктары тууралуу айтып берди. 

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров "Бухгалтердик эсеп" кафедрасынын доценттери Т.Абдыкаиров менен У.Сулайманова тарабынан даярдалган "Бухгалтердик эсеп" окуу китебин министриктин грифин алууга сунуштады.

Отурумдун соңунда ректор Канат Садыков "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу менен окуу имаратын жана жатакананы курууга инвестиция тартуу" тууралуу кыскача билдирүү жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

02

04

06

08

10

11

12

13

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

press knu 2021