Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 10.09.2021 отуруму

002021-жылдын 10-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында факультеттердин декандарын “Окууга-көмөкчү курам” категориясынан “Профессордук-окутуучулук курам” категориясына которуу маселеси, факультеттердин институт түзүү жана университеттин жаңы түзүмүн калыптандыруу боюнча демилгелери жана башка маселелер каралды.

Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров билдирүү жасап, факультеттердин декандарын “Окууга-көмөкчү курам” категориясынан “Профессордук-окутуучулук курам” категориясына которуу маселесинин келип чыгышы, азыркы абалы жана аны чечүүнүн зарылдыгын негиздеп берди. Бул маселе боюнча Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн арасында кызуу талкуу жүрдү.

Факультеттердин институт түзүү жана университеттин жаңы түзүмүн калыптандыруу боюнча демилгелери жөнүндө ректор Канат Садыков баяндама жасап, жыйынтыгында түшкөн сунуштарды талдап, терең изилдеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү чечими кабыл алында. Ректор о.э. "Атмосфераны изилдөө борборунун" соңку мезгилдеги ишмердүүлүгү тууралуу билдирүү жасап, аны "Улуттук университеттин Ысык-Көлдөгү илимий станциясы" деп кайра атоо зарылдыгын негиздеп берди.

Күн тартибиндеги "Ар түрдүү" маселелердин биринчиси боюнча окумуштуу катчы Гульзыйнат Аркабаева чыгып сүйлөп, кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаевага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча сунуш киргизди. Сунуш Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Андан кийин, илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев КУУнун окутуучулары Зухра Гузиева менен Замира Садырованын докторлук диссертацияларырын темаларын, адистиктеринин шифрин бекитүү жана илимий жетекчилерин дайындоо боюнча билдирүү жасап, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) "Физиканы окутуу  технологиялары жана  табият таануу" кафедрасынын башчысы, п.и.д, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов жетектеген автордук коллектив тарабынан даярдалган "Азыркы табият таануу концепциялары", журналистика факультетинин деканы, филол.и.к., доцент Айна Дүйшекеева жетектеген автордук коллектив тарабынан даярдалган "Массалык коммуникациянын теориясы жана практикасы" жана журналистика факультетинин окутуучусу Чынар Капарова тарабынан даярдалган "Коомдук телекөрсөтүүнүн дүйнөлүк стандарттары жана Кыргызстандагы тажрыйбасы" аттуу окуу куралдарын Билим берүү жана илим министрлигинин 12-августта чыккан 140/1 буйругунун негизинде басмадан чыгарууга сунуштады.

Отурумдун соңунда, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында №2-окуу имаратынын инфраструктурасын жакшыртуу жана аймагын чогуу колдонуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча билдирүү жасады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

press knu 2021