Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 23.06.2021 отуруму

00

2021-жылдын 23-июнунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында каржы комитетинин төрагасынын отчету угулуп, университеттеги мамлекеттик тилдин абалы менен өнүгүшү, студенттер үчүн тарбиялык, маданий-коомдук иштердин абалы жана аларды өркүндөтүү маселелери каралды.

Жыйындын башында КУУнун айрым кызматкерлерине 31-май – Университеттин күнүнө карата министрлик менен окуу жайдын сыйлыктары тапшырылды. Андан кийин, ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка коюп, бекитилди.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча каржы комитетинин төрагасы, кесиптик колледждин директору Аскар Акматов отчет берип, аталган орган тарабынан соңку 2 жылдан бери аткарылган иштер жөнүндө айтып берди. 

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) мамлекеттик тилдин Улуттук университеттеги абалы менен өнүгүшү, студенттер үчүн тарбиялык, маданий-коомдук иштердин абалы жана аларды өркүндөтүү маселелери тууралуу баяндама жасады.

Отурумдун жүрүшүндө о.э. ф.-м.и.к. Фаризат Шаршембиевага, ф.-м.и.к. Жылдыз Акеровага, филос.и.к. Жайнагүл Кадыркуловага, ю.и.к. Дооронбек Нуриевге, э.и.к. Жаркын Нурмукамбетовага жана пед.и.к. Гүлнара Абакировага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча ЖАКка сунуш киргизүү; окуу куралдарына министрликтин грифин алуу; айрым кызматкерлерди сыйлыкка көрсөтүү; кесиптик колледждин айрым окуу бөлүмдөрүнүн аталышын өзгөртүп, жаңы курамын бекитүү; физика жана электроника факультетиндеги кафедраны экиге бөлүү жана кыргыз-европа факультетинде программалык окутууга өтүү жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

66

58

62

60

64

68

70

72

74

76

78

80

82

84

press knu 2021