Окумуштуулар кеңешинин 28.05.2021 отуруму
28.05.2021 22:32
2021-жылдын 28-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында 31-май – Университеттин күнүнө карата КУУнун айрым кызматкерлерине министрлик менен окуу жайдын сыйлыктары тапшырылып, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият, филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү, банктык иш жана салык салуу, факультеттер аралык чет тилдер кафедраларынын башчылары шайланды жана башка маселелер каралды.
Ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка коюп, бекитилген соң, каферда башчылык кызмат орундарына конкурстук шайлоо өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы түзүлдү. Андан кийин, Канат Садыков 31-май – Университеттин күнүнө карата КУУнун айрым кызматкерлерине Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктарын тапшырды.
КУУнун кээ бир кызматкерлерине о.э. мамлекетик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын ишке ашырууга кошкон салымдары үчүн Мамлекеттик тил комиссиясынын ардак грамоталары да тапшырылды.
Сыйлоо аземинен кийин, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Адахан (Тиллебаев) жетектеген комиссия тарабынан иштелип чыккан "Жусуп Баласагын атындагы КУУнун сыйлыктары жөнүндөгү жобо" каралып, илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев ф.-.м.и.д., профессор, УИАнын корр.мүчөсү Кидибаев Мустафа Мусаевичти Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө сунуштады.
Биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн номенклатурасына 03.01.06 – Биотехнология, 03.02.02 – Вирусология жана 03.02.03 – Микробиология илимий адистиктерин киргизүү жөнүндө билдирүү жасап, “Биоэкологии” кафедрасын “Жалпы биология, экология жана лабораториялык иш” кафедрасы деп кайра атоо боюнча сунуш киргизди.
Кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева "Кытай тили жана адабияты кафедрасын" ошол эле аталыштагы билим берүү программасына өзгөртүү зарылдыгын негиздеди.
"2021-2022-окуу жылына карата тарифтик саясат жөнүндө" пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Мысакулова баяндап берди.
Ректор Канат Садыков магистратура бөлүмүн тармактык магистратура бөлүмүнө (КМШ, ШКУ) кайра өзөртүп түзүү жөнүндө билдирүү жасады.
Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев "Тарыхчы-окумуштуулардын кабинетин" түзүү зарылдыгын айтып берди.
Жыйындын соңунда айрым кафедра башчыларынын кызмат орундарына конкурстук шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы, юридика факультетинин деканы Байтик Бузурманкулов билдирүү жасады. Анын айтымында, шайлоого 65 бюллетень таркатылып, добуштар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы:
- Максатгүл Бокешова: 36 - макул, 27 - каршы, 2 - жараксыз
-
Венера Акматова: 27 - макул, 36 - каршы, 2 - жараксыз
2. Филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасы:
- Зейнеп Кудайбергенова: 64 - макул, 1 - жараксыз
3. Банктык иш жана салык салуу кафедрасы:
- Бактыгүл Есеналиева: 64 - макул, 1 - жараксыз
4. Факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы:
- Дилара Апезова: 64 - макул, 1 - жараксыз.