Окумуштуулар кеңешинин 30.04.2021 отуруму
03.05.2021 12:26
2021-жылдын 30-апрелинде Азиз Санджар атындагы ресурстук борбордо Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында "2021/2022-окуу жылында кабыл алуу кампаниясын сапаттуу өткөрүү боюнча жамааттын маселелери", "КУУнун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөлүгүнө сунуштоо" жөнүндө жана башка маселелер каралды.
Күн тартиби добушка коюлуп, бекитилген соң, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева баяндама жасап, жаңы окуу жылына студенттерди кабыл алууга байланышкан маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөлүгүнө илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин профессору Тынчтыкбек Чороев, химия жана химиялык технологиялар факультетинин профессору Роза Сарымзакова, кыргыз филологиясы факультетинин профессору Назаркул Ишекеев, юридика факультетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын башчысы Эдилбек Молдоев, кыргыз филологиясы факультетинин профессору Турусбек Маразыков жана социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин профессору Чолпонбай Нусуповдун кандидатуралары сунушталып, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.