Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 31.03.2021 отуруму

002021-жылдын 31-март күнү башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "2020-2021-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыгы", "2020-жылдагы КУУнун каржы-чарба иштери" жөнүндө жана башка маселелер каралды.

Ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартиби добушка коюлуп, бекитилген соң, илимий иштер боюнча проректор Асылбек  Чекеев чөлкөм таануу жана кыргыз таануу  кафедрасынан Гүлмира Шейшекееванын докторлук диссертациясынын темасын өзгөртүү жана илимий кеңешчисин дайндоо жөнүндө билдирүү жасады.

Академиялык саясат башкармалыгынын начальниги Гүлнара Абакирова 2020-2021-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасады. Анын айтымында, 2020-жылдын 1-октябрына карата КУУда жалпысынан 18 миң 23 студент окуп, аларга 1 миң 357 окутуучу сабак берген. Пандемияга байланыштуу сабактар Google Classroom жана Google Meet платформаларын жана ар түрдүү билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде өтүлүүдө. Баяндамачы о.э. студенттердин жетишүүсү, алардын практикадан өтүшү жөнүндө кенен маалымат берип, билим сапатын дагы да жогорулатуу боюнча сунуштарын айтты.

Административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев 2020-жылдагы КУУнун каржы-чарба иштери жөнүндө отчет берип, бюджет жана контракт боюнча өткөн жылдагы киреше-чыгашанын эсебин чыгарды. Ал о.э. автотранспорт каражатын карылар үйүнө өткөрүп берүү жөнүндө маалымат берди.

Окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева журналистика факультетинин теле-радиожурналистика кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Зарылкан Алымбаеваны тил илими боюнча доцент наамына сунуштады.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алла Имакеева өткөн жылдагы кабыл алуу кампаниясы боюнча отчет берген соң, ректор Алла Эралиевнага 2 жыл бою жакшы иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирип, кабыл алуу комиссиясынын жаңы жооптуу катчысы катары экономика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Жылдыз Койчиеваны сунуштады.

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы, тарых жана челкем таануу факультетинин жалпы тарых кафедрасын кайра түзүү боюнча ректордун 2021-жылдын 12-мартындагы №60 буйругу менен тузулген комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Мырзабек аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча билдируу жасап, жалпы тарых кафедрасын "Европа жана Америка өлкелерунун тарыхы" жана "Азия, Африка елкелерунун тарыхы" деп аталган эки кафедрага бөлүүнү сунуштады.

КУУнун ректору Канат Садыков Жибек Жолу институн түзүү боюнча Хэнань университети менен кызматташуу жөнүндө баяндама жасады. Ректордун айтымында ЖЖИ төмөндөгү багыттар боюнча иш алып барат:


  • Улуттук университет менен Хэнань университетинин бакалаврдык, магистрлик жана PhD дипломун берүү менен билим берүү программаларын ишке ашыруу;
  • Археология, биология, геоэкология жана башка актуалдуу багыттар боюнча Жибек Жолуна тиешелүү илимий-изилдөө проекттерин ишке ашыруу;
  • Аталган багыттар боюнча биргелешкен илимий проекттерди ишке ашырууну координациялоо жана өнүктүрүү үчүн Изилдөө борборун түзүү;
  • Жибек Жолу алкагына кирген өлкөлөрдүн тили менен маданиятын үйрөнүү борборун түзүү.

Жыйынтыгында, аталган институт Улуттук университет менен Хэнань университетинин студенттерине билим берүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруучу аянтча, Кыргызстан менен Кытайдын ЖОЖдорунун биргелешкен илимий-изилдөө проекттерин иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу борбор катары иш алып барат.

Мамлекеттик тил жана тарбия  иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) КУУнун айрым кызматкерлерин "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамына, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, о.э. Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине жана Ардак грамотасына сунуштоо боюнча билдирүү жасады.

Жыйындын жүрүшүндө отурумдун күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

04

06

08

10

12

14

18

20

26

28

30

32

34

36

40

42

44

46

50

51

52

54

56

58

60

62

64

66

press knu 2021