Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 18.02.2021 отуруму

2021-жылдын 18-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров алып барган жыйында "КУУнун кызматкерлери жазган окуу куралдарына министрликтин грифин алуу", "КУУнун кызматкерлерине доцент окумуштуулук наамын ыйгаруу", "КУУнун кызматкерлеринин докторлук темаларын бекитүү", "Келишимдик негизде окуп жаткан студенттерге жеңилдиктерди берүү" жөнүндө жана башка маселелер каралды.

Жыйындын башында Бекжан Темиров Улуттук университетте 47 жылдан бери окумуштуу катчы болуп иштеп кеткен Елена Александровна Терлыганы 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, ректораттын куттуктоо катын жана белектерди тапшырды.

Ветеран айымды маарекеси менен о.э. эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, УИАнын мүчө-корреспонденти,   профессор Эсенбек Мамбетакунов куттукташты.

Жыйынга онлайн режимде катышып жаткан КУУнун ректору Канат Садыков дээрлик жарым кылым бою КУУнун окумуштуу катчысы болуп иштеген Елена Александровнанын бүгүн биздин арабызда болуп жатканы өтө жагымдуу окуя экенин, аны менен чогуу иштеген жылдар эстен кетпээрин билдирип, ветеран айымды 80 жылдык маарекеси менен жылуу куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана үй бүлөлүк бакубат жашоо каалады.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров сөз сүйлөп, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин доценти, э.и.к., П.А.Дооранов менен доцент, э.и.д. И.С.Шатманов тарабынан даярдалган “Международная экономика” аттуу окуу китебине; маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин доценти А.П.Деминенко менен инженер Шадыбек уулу Абдулла тарабынан даярдалган “Информационная безопастность и защита информации” аттуу окуу куралына жана профессор, т.и.к. А.Э,Джоробекова, профессордун м.а., п.и.д. К.Ч.Султанбекова жана ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын автордук жамааты тарабынан даярдалган “Актуальные проблемы международных отношений и мировой политики” аттуу окуу куралына министрликтин грифин алуу боюнча сунуш киргизди.

КУУнун окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаева күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча билдирүү жасап, э.и.к., экономика факультетиинин финансы кафедрасынын доценти Мурзаибраим уулу Ренатка, п.и.к., физика жана электроника факультетинин физиканы окутуу технологиялары жана табият таану кафедрасынын доценти Рапия Исаевага, ф.и.к, кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Нуриса Тыныстановага, э.и.к., экономика факультетинин банк иши жана салык салуу кафедрасынын доценти Тамара Имаралиевага, э.и.к., экономика факультетиинин экономика кафедрасынын доценти Нургүл Ураимовага жана э.и.к., экономика факультетиинин финансы кафедрасынын доценти Эльвира Сатылгановага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев КУУнун кызматкерлеринин докторлук темаларын бекитүү жөнүндө баяндама жасады.

Административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев  "Материалдык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар секторун кайра түзүү", "Келишимдик негизде окуп жаткан студенттерге 2020-2021-окуу жылына жеңилдиктерди берүү" жана  "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк проектинин алкагында мини-футбол талаасын куруу" маселелери боюнча баяндама жасады.

Антиплагиат системасынын жобосун кайра бекитүүнүн зарылдыгы боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров маалымат берди.

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек факультеттин профессору Асипова Нурбубу Асаналиевнаны Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына сунуштады.

Жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер, сунуштар боюнча Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

11

12

13

14

15

16

19

20

21

22

23

press knu 2021