Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 30.09.2020 отуруму

002020-жылдын 30-сентябрь күнү башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында "КУУнун миссиясы", "Илимий китепкананын директорунун отчету", "Кыргыз филологиясы факультетинде "Түркология жана котормо таануу” программасын ачуу", "Экономика факультетиндеги кафедраларды жана факультеттер аралык чет тилдер кафедраларын бириктирүү", "КУУда документ жүргүзүү жөнүндөгү жобону бекитүү", "КУУнун медициналык факультетинин жобосун кабыл алуу" сыяктуу маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Отурумга тикелей жана онлайн режимде катышкан Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. "КУУнун кызматкерлерин сыйлыкка көргөзүү", "КУУнун кызматкерлерин доцент окумуштуулук наамына көргөзүү" жөнүндө маалымат угушуп, аталган сунуштарга макулдугун беришти.

КУУнун миссиясы тууралуу ректор Канат Садыков маалымат берген соң, кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында "КУУнун миссиясы - Кыргызстан үчүн илимий интеллигенциянын татыктуу муунун даярдоо" ("Миссия КНУ - готовить для Кыргызстана достойное поколение научной интеллигенции") деген туюндурма негиз катары кабыл алынды.

КУУнун илимий китепканасында жасалып жаткан иштер, заман талабына жараша боло турган өзгөрүүлөр тууралуу ИК директору  Мая Джаилканова баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) Улуттук университеттин кызматкерлерин сыйлыкка көргөзүү тууралуу маалымат берди.

Социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек факультеттин доценти, философия илимдеринин кандидаты Кадыркулова Жайнагүлдү Улуттук илимдр академиясынын докторантурасында окууга сунуштап, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү колдоп беришти.

Чет тилдер факультетиндеги билим берүү жана тил үйрөтүү программасын (түрк тили) кыргыз филологиясы факультетине өткөрүп, “Түркология жана котормо таануу” программасын ачуу тууралуу кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, экономика факультетиндеги "Банктык иш" жана "Салыктар жана салык салуу" кафедраларын бириктирүү жөнүндө экономика факультетинин деканы Эркин Кулова, "Табигый илимдер факультеттери үчүн чет тилдер" жана "Гуманитардык илимдер факультеттери үчүн чет тилдер" кафедраларын бириктирүү тууралуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) маалымат беришти.

Жыйындын соңунда ректор Канат Садыков жакында боло турган бакалавр программаларын аккредитациялоого байланыштуу  "КУУда документ жүргүзүү жөнүндөгү" жана "КУУнун медициналык факультетинин" жоболорун кабыл алуу зарыл экендиги жөнүндө айтып, талкуу болгон соң, аталган документтер бир добуштан бекитилди.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. математика жана информатика факультетинин жетекчилигинин 6-окуу имаратындагы 125-дарсканада "Академик М.И.Иманалиевдин илимий мурастары" борборун ачуу боюнча сунушун колдоп беришти.

02

03

04

06

12

14

16

18

22

28

30

34

36

38

40

42

44

46

47

48

press knu 2020