Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.12.2020 отуруму

0

2020-жылдын 29-декабрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында өткөн окуу жылындагы мамлекеттик аттестация менен жайкы сессиянын жыйынтыктары, окуу куралдарына министрликтин грифин алуу, социологиялык лабораторияны кайра өзгөртүп түзүү, КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети менен ботаникалык бакчаны өнүктүрүү тууралуу маселелер каралып, окуу жайдын этика боюнча комиссиясынын жаңы курамы бекитилди.

Жыйындын башында ректор катышуучуларды отурумдун күн тартиби, Окумуштуулар кеңешинин курамындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырып, пандемия учурунда ректорат тарабынан аткарылган иштер, жаңы жылдык каникулдан кийин окуу процессин уюштуруу боюнча маалымат берди.

Мамлекеттик аттестация менен жайкы сессиянын жыйынтыктары тууралуу академиялык саясат башкармалыгынын начальниги Гүлнара Абакирова маалымат берип, аталган жыйынтыктар канааттандыраарлык деп табылды.

Улуттук университеттин этика боюнча комиссиясынын 2018-2020-жылдары аткарган иштери тууралуу аталган органдын төрагасы, доцент Токтоназар Абдыкаиров отчет берген соң, комиссиянын 14 адамдан турган жаңы курамы да бекитилди.

Юридика факультетинин профессору Болот Токтобаев менен доценти Айнура Урматованын “Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгынын укуктук механизми” аттуу окуу китебине жана Асылбек Рахмановдун “Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу схемаларда жана таблицаларда” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алуу жөнүндө окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров сунуш киргизип, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү аны колдоп беришти.

Алар о.э. социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабектин факультеттин алдындагы социологиялык лабораторияны А.Табалдиев атындагы Евразиялык социологиялык-маданий изилдөөлөр борборуна айлантуу боюнча сунушун да колдоого алышты.

Административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети менен ботаникалык бакчаны өнүктүрүү боюнча маалымат берди. 

Жыйындын соңунда Канат Садыков Улуттук университеттин жалпы жамаатын кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бардык кызматкерлерге чың ден соолук, иштерине ийгилик, үй бүлөлөрүнө бакубатчылык каалады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

36

38

40

42

44

46

48

49

50

62

press knu 2020