Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү

2020-жылдын 12-декабрь күнү педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света Улуттук адабият күнүнө карата ФМО-1-19 тайпасына  «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген темада тарбиялык саат өткөрдү.

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы бир гана адабиятчылар тарабынан белгиленбестен, информатиктер да атактуу жазуучунун өмүр баяны, чыгармачылыгына сереп салып, келечектеги бала-бакча жана башталгыч класстын мугалимдерине информатиканын «тили» менен баланын жан дүйнөсүнөн түнөк таба турган билимди берүү ыкмаларын үйрөтүү иш чарасы болду.

ХХI-кылымдын балдарын телефон, компьютерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бүгүнкү коом аларга тарбия бере турган адистерибиздин алдына эң чоң талапты - бүгүнкү күндүн балдарына татыктуу билим бере ала турган, ар тараптан өнүккөн, Айти технологияны жакшы билген компетенттүүлүк талабын коюп отурат. Коом алдында коюлуп жаткан ушул талапка Света Кабылованын өткөргөн тарбиялык сааты толугу менен жооп бере алат.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө таймашка чыккан «Курч калем» жана "Кызыл алма" командалары окутуучу тарабынан берилген тапшырмаларды презентация, слайд-шоу формасында мыкты деңгээлде аткара алышты. Онлайн форматта өткөн бул тарбиялык саат студенттерди гана эмес, студенттердин ата-энелери үчүн да абдан кызыктуу болду. Айрым учурда берилген учкул сөздөр, чыгармалардан үзүндү көрсөтүү тапшырмалары берилгенде бул таймашка ата-энелер дагы кантип аралышып кеткендигин байкабай калып жатышты.

Иш чарага кафедра башчысы Гулназ Адылбек кызы, Конгайтиева Сууракан, Абдымомунова Гулжамыш, Кайдиева Назира жана ар кайсы курстун студенттери катышышты Жыйынтыгында катышуучу доцент Конгайтиева Сууракан Кабылова Светанын демилгеси менен уюштурулган студенттерге ыраазылыгын билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Урматтуу студенттер! Бүгүн биз улуу жазуучу Ч.Айтматовдун эскерүү иш чарасына күбө болдук. Албетте, дүйнө эли «кыргыз дегенде Чынгызды, Чынгыз дегенде кыргызды» билет эмеспи. Жазуучунун эли үчүн кылган эмгеги ат көтөргүс. Ошондуктан, мындай улуу, залкар инсандардын эмгегин баалап-баалай билүү, аны дайыма жакшы күндөрдө эскерип туруу биздин милдет. Ч.Айтматовдун эмгектери чалкып жаткан океан сымал демекчи, эки команда тең жазуучунун чыгарамаларын жогорку деңгээлде көрсөтө алдыңар. Жеңүүчү эки команда тең болду»- деп ийгилик каалап, иш-чараны аяктады.

02

Кабылова Света - педагогика факультетини ага окутуучусу