Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү

002020-жылдын 8-декабрь күнү педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Кабылова Света «Аралыктан билим берүүнүн негиздери» дисциплинасы боюнча ФМО-1-17 тайпасына онлайн-ачык сабак өтүп, иш чарага факультет деканы Сулайманова Рахат, кафедра жетекчиси Адылбек кызы Гулназ жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Сабакка «Аралыктан окутууда компьютердик технологияны колдонуу» деген тема тандалып, психологиялык тест менен башталды. Андан ары сабак аралыктан окутуунун заманбап google (meet, classroom, книга, документ жана башка) платформалары менен улантылып, компьютердик технологияны колдонуу жана билим берүү ресурстары жөнүндө сөз болду. Ар бир студент кайтарым байланышта презентациясын жогорку деңгээлде жакташты.

Сабакка катышуучулар ага окутуучу Света Кабылованын ачык сабагы максатына жеткенин, ФМО-1-17 тайпасынын студенттери презентацияларды эң жакшы деңгээлде көрсөтүшкөнүн баса белгилеп, ийгиликтерди каалап өтүштү.

02

04

06

08

10

12

14

16

Кабылова Света - педагогика факультетини ага окутуучусу