Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова: 2010-жыл - апрель төңкөрүшү

2010-жыл - апрель төңкөрүшү

Алып кагаз иш сапар

Алыс жакка барганга

Жөнөдүм мен бейкапар

Москвага чоң калаага.

Лекция - дарс окудум

Илим храмы Москвада:

“Маданият менен баарлашуу”

Башка улут менен ойлорду

Ортого салуу, алмашуу....

Лекция окуп чыкканда

Угулду мага бир кабар:

Мекенде болду шумдук иш

Жасады Кыргыз кайрадан

Бийликке каршы төңкөрүш..

***

Таластагы тынчсыздык

Бишкекке келип жеткенби?

Бакиевдин режими

Башын жутаар болгонбу?

Элди алга сүрөбөй

Артын карай жылганбы?

Өз элине ок атып

Кыянаттык кылганбы?

             ***

Кырчындай жаш жигиттер

Кыргызымдын уулдары.

О дүйнө кеткен турбайбы!

Элине салып муң кайгы.

Нечендеген жигиттер

Окко учту деп айтышты.

Унутуп үйгө кайтышты.

Жер жазданып калышты

Унутуп үйгө барышты....

Жаш өмүрлөр соолуду

жаш агылды токтобой.

Нечендеген аталар

кантип турат жоктобой.

Нечендеген энелер

Кантип турат боздобой.

                 ***

Тынчсызданып мен эми

Бишкекке чалдым чыдабай.

Кооптонуп мен эми

Үйгө чалдым эч тынбай.

Үнсүз-сөзсүз телефон....

Үн кайтарса болоор оң!

Эч кими жооп бербеди

Эмне кылам кудай ай!

Кичүү уулум албады,

Андан кийин ортончум,

Мага кулак салбады.

Телефонду албады...

             ***

Кой эми, деп тунума

Кайра баштап чалганым,

көп күттүрүп ал дагы

Сүйүнтүп мени алганы.

“Алло, алло Нурдин! дейм

“Нурдин эмес!” дейт чоочун үн.

Башка жакка түшүпмүн?

“Нурдин”!“Нурдин”! кайталайм.

“Ок жаңылды ага!” деп

Жооп кайтарды чоочун үн

Ыргып кеттим: “эмне дейт?

Кантип мага айта алат?

Айтчы дагы кайталап!”

“Эмне болду каран түн?

Бул ким өзү жооп берген?

Башыма түштү кандай күн?

Боломун мен энеси!

Кайда менин Нурдиним”?

Жооп кайтарат чоочун үн:

“Жашыбаңыз энеке,

Жардам тез келип жетишти

Жандандыруу бөлүмгө

Жаңы эле алып кетишти”...

Эс-учумду жоготуп

жатып калдым мен эми

"Жүрүңүз эже бөлмөгө!”

деди бирөө жанымда,

“Эс алып мында жатыңыз

Андан кийин тезирээк,

Бишкекке сиз кайтыңыз”

* **

Аэропортко бир түнөп

Москвадан келгеним.

Кандуу режим тууралуу

“МИР”ге кабар бергеним.

Келсем балам жатыптыр.

Эс-учун билбей кыймылсыз...

Кудайдан тилеп күнү -түн

Теспени кармайм тынымсыз.

             ***

Эртеси күнү чакырды

Ошол бөлүм башчысы

“Канча балаң бар?” деди

“Эмне болду эле?” деп,

Ыргып кеттим мен деги.

“Эч нерсе эмес, эжеке

Эми дагы кайрадан

Операция балага

Жасоо зарыл болууда

Кыйын экен жолу да.

Кылдык бардык айланы,

анысына карабай,

Ден соолугу начарлап,

бара жатат баланын”!

“Жок!” деп кесе айттым мен

Жасабайсың башка сен!

Эки жолу жасалды!

Эмне болгон догдурсуң?

Эмдебей сен касалды?

Алып кетем чет жакка!

Айла болор ал жакта”....

***

Германия Элчилик

Чалам тынбай телефон.

“Кеч болуп калат эже” дейт

“Көнгөнүңүз болот оң!”

Деди акырын ак халат

Кантип мага айта алат?

Сөзүнүн тегин карачы!

Жанымдагы дарыгер

Айткан кебин карачы!

         ***

Айланайын балам ай!

Эми кантем, кудай ай?

“Коштошуп тез калгыла! “

Башкаларын чакырдым

“Эмне болду кокуй!” деп

Энтеңдешип жетишти.

Операция бөлүмгө

Тезден тез алып кетишти........

           ***

Кирпик какпай күнү-түн

Күзөттөбүз жанында

“Качан көзүн ачат”? деп

Кудайдан тилеп бир гана....

Жандандыруу бөлүмдө,

Жатты 40 күн тун уулум.

Сураймын мен кудайдан:

“Майып болсо мейличи,

калса экен аман чымын жан!”.

40 күн бою жанында

Айланып чыкпай жанынан....

***

Айла жоктон тынымсыз

Көзүмдөн жаш куюлду

Отурдум күтүп кыймылсыз

Көнүлүм ага бурулду.

Убакыт өтүп арадан

Өзүнө келээр туюлду.

Уулум эми айыгып

Кубаныч кабар угулду.

Балам эми сакайып

Сүйүнүч кабар угулду.

Үнүм жетип кудайга

Шыпаасы тийди балага.

“Шүгүр!”, “шүгүр!” кайталайм,

Миң мертебе Аллага!

* * *

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak