Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова: Ийне менен кудукту казгылары келишпейт

Ийне менен кудукту казгылары келишпейт

.

1. Кызмат кылат Чындыкка

“Илим” деген түшүнүк.

Элдер билип калгандыр,

эмдигиче түшунүп.

.

2. Айтайын эми  маалымдай:

чала -сабат дилетант,

айлананын  баарында.

Илимге берсек болмок “ант”,

Гиппократ  аалымдай.

.

3. Эч качан жок деп жатпайбы,

илимде түптүз туура жол!

“Таштак” жерди  баспайбы!

Кылгысы келсе кызмат мол?

.

4. Ийне менен кудукту,

казгылары келишпейт.

Илимди  терең изилдеп,

жазгылары келишпейт.

.

5. Катары менен чыгышты,

“Илимпоз сөрөй”  болушуп.

Катуурак койсо талапты 

Ортого түшөт болушуп.

.

6. “Конвейер” менен чыгышты,

“Окумуштуу” атыгып.

Талаптар катуу коюлбай,

даража кетти сатылып.

.

7. Интернет чыкты  балакет,

издешет андан баарысын,

кымындай кылбай аракет.

Катары менен табышат

илимдин оной “дарысын”.

.

8. “Илимий уурдоо” деген сөз

илгертен аты ”Плагиат”.

Бирөөнүн оюн колдонуп,

“илимий ишти” жазат бат.

Бул сөз биздин кулакка,

нары “чоочун”, нары ”жат”.

.

9. Илимге кылсам кызматты,

ичимди жаман сыздатты.

Айтпасам деле белгилүү

Баарыңарга  бир атты...

.

10. Жактоого жакын жолотпой,

Жылдар өтсө корготпой.

Жылдырбай койду баары эле.

Кандай күнөөм бар эле?

Каарына кимдин калды элем?

.

11. Коргоого жакын жолотпой,

кор кылышты тоготпой.

Уу жуткандай кыйнашты,

убакыт өтсө корготпой.

Ууктурду баары эле,

убалга кимдин калды элем?

.

12. Ак ийилди, сынбады,

аны турмуш сындады.

Чындык эч бир сынбады,

чыркырай берип кыйналды.

Кастык кылган адамдар

ичинен күлүп жыргады.

.

13. Жашы менен карыбыз,

туюп турдук баарыбыз,

жетпеди бирок алыбыз.

.

14. “Эсил кайран дискеңеш”,

Эстесем ичим “ачышат”.

“Эмнеге мындай?” сурасам

Эзелтен менден качышат.

.

15. Эч ким кулак салбады.

Эми кимге айта алам?

Жаштарга берээр кеңешим:

“Жүрбө аларды кайталап!”.

.

16. Илимге кызмат кылгының,

 “Ийне менен казгандай”.

Чындыкты жазып чыккының,

жактай бер анан жазганбай.

.

17. Изденүүчү бирөө бар:

иштин майын чыгарат.

Ийгилик ага тилөө бар,

илгериге сүрөө бар.

.

18. Изденүүчү башка бар:

эки сөздү кошо албайт,

эптеп оюн айта албайт.

Бирок “бирөөлөргө“ жагышат...

Эптеп-септеп жакташып,

анан төшүн кагышат.

.

19. Буларды койсо туптуура

илимге жакын жолотпой!

Колунан келген иш кылса,

убакыт бекер коротпой.

20. Илимпоз болом дегендер

Талыкпай  казып  окусун!

Багынтаар анан илимдин

Жаркырак  бийик чокусун!

* * *

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak