Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова: Оппонент

Оппонент

Урматтуу улуу агабыз,

угулсун биздин санаабыз!

Түйшөлткөн мени ойлордун

түйүнүн кантип табабыз?

.

Айтайын  деймин бир ойду

“Оппонент” деген сөз барктуу,

карайт ал ишти бир шарттуу.

Оппонент болуш оңойбу?

Ошол гана айта алат

 Ат көтөргүс чоң Ойду.

Оппонент сындан өткөндөр,

ойго келбес чоңойду.

.

Оппонент деген бирөө бар

принциптерге таянат.

Кылгысы келбейт эч кимге

кыңыр иштеп, кыянат

Көз каранды эмес оппонент

эч кимге жана эч качан.

.

Оппонент деген башка бар

көз каранды башкадан.

Өзүнүн кылдай ою жок,

башкаларга таянат.

Талдаса да канчалык

Чыгара албайт тыянак 

Бирөөлөрдүн сунушун

дайым каалайт угушун.

.

Баркы кетти илимдин:

кечээ жаңы жактаган,

“Оппонент” болуп илинди.

Бекитээрде жогортон,

ким экени билинди.

.

Капкара болуп турбайбы,

кээ бир айрым оппонент

Интернетте  кашкайып!

кайдан эми издейли

кимде күнөө, кимде айып?

.

Илимге талап аз болду.

Коргогондор эсепсиз,

бирок ачылыштар жок болду.

Ийне менен казышса,

ачылыштар болбойбу?

Ачылыштар көп болсо

Ааламдашуу убакта

турмуш алга жылбайбы!

.

Ачылыштын ээлерин

Нобель күтүп турбайбы!

Анан Кыргызстан илими

Кыргызга  кызмат кылбайбы?

* * *

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak