Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова: КУУга ректор токтобойт

КУУга ректор токтобойт,

Түшүп калган алардын

Ордун эч ким жоктобойт.

Эмне экени табышмак!

Саясат туура болгондо

Орду ордунда калышмак!

Ректорлордун санынан

Азыр да баш адашат.

Эмне үчүндүр аларын

Тездик менен алмашат.

Академик Какеев,

Кетпей эле койбопсуз!

Сизден кийин эч эле

Токтободу ректорлор.

Кетип жатат тез эле

Жаңы эле болгондор.

Буйрукка башын ийгенби.

КУУга каргыш тийгенби?

Болжурова баш болуп

Бекбалаев төш болуп,

Бир биринин артынан

Кете берди жок болуп.

* * *

Болжурова эмгеги

Баштаганда оң болду.

Мугалимдер эс алган

Пансионат оңдолду...

* * *

Эстейличи баарыбыз,

Абдыжапар баласын.

Нечендеген том кылып

ГУН жөнүндө жазышын,

Патриоттук сезими

Бекем кармай калганда

Аттиланы баш кылып,

Кыргыз кылды баарысын...

* * *

Ректорубуз кийинки

Досбол ака уулу бар,

Нурбол мырза келди эми.

Мурунку ишин таштады.

КУУда ишин баштады

Ректорлукка жеткени

Бирок келгенинен кеткени

Чагылгандай тез болду.

Апрелдеги Төңкөрүш

Себеп болду окшоду.

Эч ким аны көрбөдү

Ага көңүл бөлбөдү…..

* * *

Кийинкиси катарга

Акунов келди тез эле.

Калды андан бирэлес

Иштегени болгону

11 айдан кем эмес....

* * *

Эми чыкты майданга

Кийинкиси алмашып,

Ректорлукка орунга

Искендер байкем кармашып...

Буйрукка кол коюлду.

Институттар жоюлду.

Өткөрдү тез ал байке,

80 жылдык маараке.

Ишти агабыз катырды

Козголбогон 50 жыл

Оңдогону чатырды.

Андан калды бир элес:

Башкарганы кебелбей.

Жыйындарда эч кимге

Бир ооз дагы сөз бербей,

Отурушчу үн сөзсүз

Байкебизге теңелбей...

Казанчынын өз эрки

Кайдан кулак чыгарса.

Проректорлор көбөйдү

Вузга болуп чыгаша!

Жакшы болду алака

Жожго тийди залака.

Убакыт көзгө илинбей

Кетип калды билинбей...

* * *

Андан кийин Чынара

Кылды чоң бир иш чара

Реформаны жүргүзүп.

Кээ бирлерин өткөрбөй

Ичтерин да күйгүзүп.

Жарымына кыскарды.

Кафедралар КУУдагы.

Бирок түшүп калды бу дагы.

Эсте калаар кызматы:

Иштерди тез бүткөрдү:

Чоң конкурстан бир күндө

Декандарды өткөрдү.

* * *

Ал аңгыча болбоду,

Ана мына дегиче,

Ачып көздү жумгуча

Жалил Ага уулуна

Эки тизгин бир чылбыр

Тийди эми колуна.

Экс министр келди деп,

Эми көңүл жайланды.

Кудай бизге берди деп.

Үмүтүбүз баарыбыз

Бул адамга байланды.

Күндөр өтүп арадан

Айлар жылга айланды.

Кытай менен өз ара

Келишимге кол койду

Чет тилдерди көчүрүп

Көчмөн атка кондурду.

Барбайбыз десек болбоду

Ордубузга койбоду.

4-чү корпус берем деп

Унутулду убада

Айтканынан кайтты эми

Анда эмнеге айтты эле?

«Инвестиция» апкелген  

Кытайларга өттү эми.

Акырындап кытайлар

Ансыз деле жакында

Кыргызстанды ээлешет.

Окутат экен баштадан

“Бул биздин жер болчу” деп....

Кыргызстанды картадан,

Өздөрүнө каратып,

Карталарын таратып.

Тартып алат бат эле.

Кытай эли башынан

Кыргыздарга жат эле.....

* * *

Эми айталы бир ойду,

Конфуцийдин ордуна

Манас турса болбойбу?

Ансыз деле Конфуций

Бүт дүйнөдө орду бар.

Айкөл Манас атабыз

Кыргызымдан башкасы

Ордун кимдер толтурар?

* * *

Жаныбызды карч уруп,

Иштейбиз го дайыма.

Англис, немис, француз тил

Үйрөтөбүз баарына,

Түрк тили менен корей тил

Үйрөтөбүз дагы да.

Кытай тили кошулса,

Чет тил факультетине

Эмнеге ал болбосун?

Бердик эле кенешти!

Же кытайтил чет тил эмеспи?

Марттыгыбыз шундан бил

Окутканы бир чет тил,

Анан бир корпусту ээлейби?

Же муну чоңдор билбейби?

Буйрукка ректор кол койду,

5-чи корпус оңдолду.

Иштегендер ал жерде

Оң көз менен карабайт.

Ордубузду алат деп

Саламга да жарабайт.

Не айланы кылабыз?

Тилегибиз таш капты.

Башка арга калбады

Ойлой берип баш катты.

Каныбызда бар көчмөндүк

Айтпаса керек бекерден

Ошон үчүн бабалар

Көчуп-конгон эзелтен.

Көчүп жүрүп жададык

Бир орундан башкага.

5-чи корпус жертөлө,

Болбогонсуп жер бөлөк....

Эми калабызбы ал жерде?

Же кетебизби башка жак?

Ким айта алат бизге так?

Же ал жерден да кол жууп

Калабызбы кур жалак?...

Моюн сунуп буйрукка,

Көчүүдөбүз акырын

Стол, шкаф, китептер

Барган жерге батырып...

Биз ээлеген имарат

Медицина жай болуп

Пакистанга кетеби?

А көчө турган жерибиз

Бизге толук жетеби?

Эки - үч кабат ээлеген

Эң беделдүү факультет!

Калбас болду “мен” деген

Кадыр барктуу факультет!

Он сегиз даана дарскана?

Кантип бизге жеткиртет?

Мында 39 дарскана!

Өтүлчү сабак жай гана...

* * *

Айтарыбыз чогулуп,

Ажобузга азыркы:

Эмгек акы бүгүнкү

Эки эсеге көбөйүп

Эгемендүү өлкөдө

Умтулалы алдыңкы

Жождорго бизди кошууга.

Европаны коелу, теңелели оболу

Эң биринчи ОшГУга.

Американы коелу, теңелели оболу

Айтылуу жүргөн ОшГУга!

 

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak