Макалалар
Окутуучулар
П.Кадырбекова: Таажывирус балакет!


П.Кадырбекова: Таажывирус балакет!
31.03.2020 15:14
Таажывирус балакет!
Таажывирус балакет!
Кытайда жөн жатпады.
Ухандан чыгып бул илдет,
Бүт дүйнөнү каптады.
.
“Жок!” бизде деген эч эле
Сүйүнүч көпкө болбоду.
Мекенибиз Кыргызстан
Вирустан четте калбады.
.
Күтпөгөн жерден бул илдет
Өлкөбүздө катталды.
Өкмөткө болуп чоң милдет,
Өзгөчө кырдаал башталды.
.
Ушундай оор кырдаалда
Тапты өкмөт туура амалды:
Чет өлкөдөн келгендер
Карантинге камалды.
.
Ак халатчан дарыгер,
Ишенимди актасын.
Кытайдай көп эмеспиз,
Кыргызды кудай сактасын!
* * *
Март, 2019 жыл.
Памира Кадырбекова -
чет тилдер факультетинин деканы