Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.01.2020 отуруму

2020-жылдын 29-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алла Имакеева 2019/2020-окуу жылына кабыл алуунун жыйынтыгы, юридика факультетинин деканы Кынатбек Сманалиев менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова өздөрү жетектеген түзүмдөгү окуу, окуу-методикалык жана тарбиялык иштерди жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер  боюнча отчет беришти.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) КУУнун кызматкерлерин сыйлоо боюнча маалымат берди, ал эми тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаевдин факультеттин "Жалпы тарых кафедрасын" эки кафедрага, т.а. “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” жана “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедралары кылып кайрадан калыбына келтирүү боюнча киргизген сунушу тактоону талап кылаары белгиленди..

Андан кийин, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров окуу жайдын окумуштуулары даярдаган окуу куралдарына министрликтин грифин алуу боюнча, укуктук касыздоо секторунун башчысы Рустиван Карыпбеков укуктук камсыздоо, адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүн кайра түзүп, юридикалык бөлүмдү калыбына келтирүү жөнүндө, ал эми пландоо-каржы бөлүмүнүн начальниги Гүлназ Мысакулова  бюджеттик каржылоо тууралуу маалымат берип, аталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын соңунда Канат Садыков 2022-жылы КУУнун 90 жылдыгы белгиленээрин билдирип, аталган мааракеге карата даярдануу боюнча түзүм жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

02

04

06

10

12

14

16

18

26

28

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

58

60

62

64

66

68

70

72

74

76

press knu 2020