Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 23.12.2019 отуруму

2019-жылдын 23-декабрь күнү Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болду. Жыйындын катчысы Гүлзыйнат Аркабаева Окумуштуулар кеңешинин тиешелүү чечимин окуп берген соң, КУУнун ректору Канат Садыков Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов тууралуу кыскача маалымат берип, аларга "КУУнун ардактуу профессору" наамынын атрибуттары болгон аттестатты, академиялык мантияны жана конфедератканы тапшырды.

  • Нургазы Кемелбаев - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КУУнун  эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин профессору;
  • Асылбек Токтогулов - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы, КУУнун Камкорчулук кеңешинин төрагасы.

Ардактуу наам ээлерин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, КУУнун профкомунун төрагасы Кубанычбек Жумабеков,  УИАнын корреспондент мүчөсү Мустафа Кидибаев, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев куттукташып, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери концерттик программа тартуулашты.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунда ректор "Ош колледжинин жаңы статусу" тууралуу баяндама жасап, аталган колледж адегенде КУУнун филиалы, андан кийин адегенде факультет, андан кийин колледж катары иштеп келгенин, азыркы учурда окуу жайда 300дөн ашуун студент окуп, Улуттук университеттин факультети болуп, сапаттуу билим берүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, Оштогу колледждин статусун Улуттук университеттин факультети кылып өзгөртүү сунушун киргизди. Ректордун сунушун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.

Жыйындын жүрүшүндө Т.Иманкулов менен Ш.Аалиеванын докторлук диссертациясынын темалары бекитилип, Ч.Нусупов, Б.Канетов, Ж.Момбековага "профессор" наамын ыйгаруу боюнча ЖАКкы сунуш киргизүү сыяктуу маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды жана дин таануу жана теология кафедрасынын доценти Динара Осмоновага профилдүү министрликтин ардак грамотасы, ал эми Чынара Жумабаева "доценттин" аттестаты тапшырылды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

22

24

28

32

34

36

38

40

44

46

48

52

54

58

60

64

66

68

70

74

76

78

80

press knu 2019 00