Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова. Бердибек Жумабаев агабыздын «Кыргызтаануу» китебине

Бердибек Жумабаев агабыздын «Кыргызтаануу» китебине

«Кыргыз таануу», «Кыргыз дүйнө таанымы»,

эми аны тарыхчылар тааныды.

Кыргыз руху багындырып мезгилди,

тарых менен кыргыз кошо карыды.

 

«Дүйнө тааным», «Кыргыз таануу» китеби,

жаздыңыз сиз акыйкатты бүт эми.

Китепте айрым гипотеза такталып,

теорияга эми айланып кетеби?

 

Фактылары илим менен негизделип,

улуттук ой жүгуртүү тегизделип.

Дүйнө тааным чечмеленди, калыптанды

агайыбыз далилдеди, көп изденип.

 

Талыкпастан иштедиңиз нечен жыл,

күндүз тыным, түндө уйку жок болуп.

Ийне менен казгандайсыз кудукту,

мугалимдик кесип бирге коштолуп.

 

Кыргыз эли ким экенин башынан,

дүйнө жүзү эми анык билеби?

Маяк болсун кары менен жашына

агабыздын ишке ашып тилеги!

 

Эбегейсиз жараттыңыз чоң эмгек,

эми кайда башка ага тең келмек?

Эгер өкмөт буга көңүл болгондо,

эң биринчи мелдеште орун ээлемек.

 

«Кыргыз таануу», «Кыргыз дүйнө таанымы»,

эсте калды илимпоздун баарынын.

Которулуп эми башка тилдерге,

келечекте кенен болсун арымы!

* * *

ноябрь 2019 жыл.

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak