Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды

2019-жылдын 2-октябрь күнү математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери "New Generatiоn" дебаттык клубу менен таанышты. Аталган клубдун мурдагы координатору Токтоназарова Назипа "Дебат деген эмне?" деген суроонун алкагында баяндама жасап, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов жаныдан келген үйрөнчүк дебатчыларга өз кеңешин бердиИш-чаранын жүрүшүндө студенттер клубдун жаңы координатору жана мүчөлөрү менен таанышып, каалочулар каттоо баракчасын толтурушту.

Аталган дебаттык клуб 30-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Интеллект" клубуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу аземине катышып, ортодо болгон ынтымакты бекемдеп келишти.

02

04

06

08

10

Азамат Шамов - студ. сенаттын маалымат координатору