Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү

2019-жылдын 18-сентябырында педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү. Иш чарага факультет деканы Рахат Сулайманова катышты. Ага окутуучу Улан Турдалиев студенттердин билимин өркүндөтүү, жаштарды спортко кызыктыруу, аудиториянын тазалыгын көзөмөлдөө, иш-чараларга активдүү катышуу ж.б.у.с. боюнча билдирүү жасады. Студенттер кеңешинин төрайымы Талантбек кызы Назира аталган уюмдун планы менен тааныштырып, мындан аркы иштер координаторлор менен чогуу, өз убагында аткарыла тургандыгын кошумчалады. Жыйындын жүрүшүндө студенттер да өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Факультеттин студенттер кеңешинин структурасы:

  • Талантбек кызы Назира - студенттер кеңешинин төрайымы; 
  • Алиаскар кызы Эльнура - орун басары; 
  • Бекмуратова Кайырма - окуу жана илим иштери боюнча координатор;
  • Эржигит уулу Нурсултан - спорт иштери боюнча координатор;
  • Туратбек кызы Адина - коомдук маданий- массалык иштери боюнча координатор;
  • Шаршенова Аниса - турмуш-тиричилик иштери боюнча координатор;
  • Касымали кызы Гулина - тышкы байланыштар жана басма сөз боюнча координатор;
  • Жарашбеков Жекшенбек - балдар комитети;
  • Асанбекова Ализа - кыздар комитети.

02

04

06

08

Касымали кызы Гулина - факультеттин студкеңешинин басма сөз боюнча координатору